Президент Сооронбай Жээнбеков 23-августта мамлекеттик иш сапары менен Түркмөнстанга барат. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун айтымында, Жээнбеков сапар алкагында Түркмөнстандын өлкө башчысы менен тар жана кеңири форматтагы жолугушуу өткөрөт.
"Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жолугушуусунда эң маанилүү документ катары Башкы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация кабыл алынат. Ошондой эле өкмөттөр аралык бир нече макулдашуулар жүрөт. Сапардын жүрүшүндө президент Арал сактоо эл аралык уюмунун саммитине ардактуу конок катары катышат", - деди Сыдыков.