Журналист Нарын Айып: "Президент айткан сөз менен жасалган иштер бир деңгээлде эмес"

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кайрылууларында, жолугушууларында элге жакын болорун, алардын үнүн угууга ар дайым даяр экенин айтып келет. Бирок өткөн жумада 3 шайлоочусу аймакка барган президентке жолугууга аракет кылганы үчүн кармалып, айып пул төлөөгө аргасыз болушту.

Мындан тышкары президент коррупционерлердин аттарын ачык айткыла, күрөшөбүз дегени менен, коомчулукта улам-улам айтылган ысымдар боюнча эч кандай реакция кылбай жатат.

Бул окуялар президенттин сөзү менен иштери боюнча коомчулукта түшүнбөстүктөрдү жаратууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Президенттин айткан сөздөрү менен аткарган иштери эмнеге төп келбей жатат?" деген соболуна журналист Нарын Айып жооп берди.

Ал президенттин убадаларынын ишке ашпай жатканына мурунку кадрлардын таасири тийип жатат деген пикирде.

"Президенттин айткандарынын баары эле туура. Бирок чын эле кээ бир көрүнүштөр коомчулук каалагандай ишке ашпай жатат. Менин оюмча, эски бийликтин кадрлары көп жерде отурат жана алар дале күчүндө. Алар менен да эсептешүүгө туура келет. Болбосо саботаж кылып салышы мүмкүн. Азыр да "күздө мындай иштер болуп кетет экен, тигиндей нерсе уюштуруп жатышыптыр" деген кептер айтылып жатпайбы. Менимче, ушул сыяктуу нерселерден чочуп жатышат. Маселе жаратып жаткандар орто деңгээлдеги адамдар. Алар премьерлер, президенттер алмашса да ордунда отурат. Аларды толук алмаштырганга көп убакыт кетет. Менин оюмча, кептин баары ошол жакта болуп жатат. Айтылган сөз менен жасалган иштер бир деңгээлде эмес. Аны баары түшүнүп жатат. Президент жумушка киришкенине бир жыл болуп кетти. Бул учурда көп нерсе жасаса болмок. Жарандар аткаминерлер камалса, дагы камаш керек деп жатат. Демек, элдин күткөнү мындан да жогору", - деди Нарын Айып.

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Акылбек Жамангулов, саясат таануучулар Марс Сариев, Эмил Жураев жана коомдук ишмер Бакыт Рыспаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан