Саясат таануучу Эмил Жураев: "Айрым маселелерге президенттин пикир билдирбей койгону элдин ага карата ишениминин жоголушуна алып келет"

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кайрылууларында, жолугушууларында элге жакын болорун, алардын үнүн угууга ар дайым даяр экенин айтып келет. Бирок өткөн жумада 3 шайлоочусу аймакка барган президентке жолугууга аракет кылганы үчүн кармалып, айып пул төлөөгө аргасыз болушту.

Мындан тышкары президент коррупционерлердин аттарын ачык айткыла, күрөшөбүз дегени менен коомчулукта улам-улам айтылган ысымдар боюнча эч кандай реакция кылбай жатат.

Бул окуялар президенттин сөзү менен иштери боюнча коомчулукта түшүнбөстүктөрдү жаратууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Президенттин айткан сөздөрү менен аткарган иштери эмнеге төп келбей жатат?" деген соболуна саясат таануучу Эмил Жураев жооп берди.

Саясат таануучунун айтымында, президенттин айткандарынын ишке ашпай жатышы коррупциянын элдин жашоо-турмушуна терең аралашып алгандыгынан кабар берет. "Биринчи кезекте, коррупция менен күрөшүү өлкөнүн саясатындагы эң орчундуу маселелердин бири экенин эске алуубуз керек. Президент Сооронбай Жээнбеков эле эмес, андан мурунку президенттер да коруппция эң кыйын маселе экенин баса белгилеп, аны менен күрөшүүгө аракет кылып келишкен. Азыркы учурда президенттин коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү талабынын кечеңдеп жатышы эки чоң маселеге байланыштуу. Биринчиси, жетекчилик жана анын тегерегиндеги адамдардын коррупцияга аралашып алышы же иш жүзүндө аны менен күрөшүүгө кызыкпай жаткандыгы.

Экинчиси, коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери болуп жатса да ал элдин жашоо турмушуна сиңип, коомдун бардык катмарына аралашып калгандыгы. Учурда экинчи маселе бизде орчундуу болуп, президенттин айткан сөздөрү жыйынтык бербей жаткандай элес калтырууда. Негизи коррупцияны түп тамырынан бери жок кылуу үчүн комплекстүү күрөшүү керек. Мынчалык орчундуу маселе менен күрөшүүнү бир-эки органга жүктөп коюп жыйынтык күтө берүү туура эмес. Коррупцияга жол берген маселелердин баарын карап чыгуу зарыл.

Ал эми президенттин коомдук талкуудагы айрым маселелерге карата пикир билдирбей жаткандыгы анын ал маселелерге карата позициясынын белгисиз экендигинен кабар берет. Мүмкүн президентке жакын кишилердин кызыкчылыгына байланыштуу же өзүнүн алдыдагы жүрүштөрүндө саясий себеп бардыр. Канткенде да коомдун чордонундагы талкууланып жаткан маселелерге пикир билдирбей койгону элдин президентке карата ишениминин жоголушуна алып келет", - деди Жураев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Акылбек Жамангулов, саясат таануучу Марс Сариев, журналист Нарын Айып жана коомдук ишмер Бакыт Рыспаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан