Саясат таануучу Марс Сариев: "Президент коррупция менен аёосуз күрөшөйүн десе, анда элитанын көбүн өзүнө каршы коюп алат"

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кайрылууларында, жолугушууларында элге жакын болорун, алардын үнүн угууга ар дайым даяр экенин айтып келет. Бирок өткөн жумада 3 шайлоочусу аймакка барган президентке жолугууга аракет кылганы үчүн кармалып, айып пул төлөөгө аргасыз болушту.

Мындан тышкары президент коррупционерлердин аттарын ачык айткыла, күрөшөбүз дегени менен коомчулукта улам-улам айтылган ысымдар боюнча эч кандай реакция кылбай жатат.

Бул окуялар президенттин сөзү менен иштери боюнча коомчулукта түшүнбөстүктөрдү жаратууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Президенттин айткан сөздөрү менен аткарган иштери эмнеге төп келбей жатат?" деген соболуна саясат таануучу Марс Сариев жооп берди.

Саясат таанычуу президенттин Райымбек Матраимов боюнча үн катпагандыгы коомчулукта ар кандай сөздөрдүн күчөшүнө себеп болууда деген пикирде."Райымбек Матраимов 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Кара-Суу районунан жеткиликтүү добуш алып берген. Ошон үчүн ага тийбей жатат. Бирок бул Жээнбековго карата коомчулук тарабынан аябай терс пикир алып келүүдө. Ал эми Ноокен ройонундагы аялдардын президентке жолукпай калгандыгы президенттин бардык жарандарга бирдей мамиле кылууга аракет кылгандыгынан кабар берет. Эгер өлкө башчысы ал аялдар менен жолугушса, анда түндүк тараптан "өзүнүн жердештери доомат кылып келсе, алар менен жолукту" дегендей туура эмес сөздөр айтылышы мүмкүн. Анткени түндүк тараптан буга окшогон көрүнүштөр боло элек. Ал эми президенттин коррупцияга каршы күрөшүү аракетинин алгылыктуу жыйынтык бербей жатышы элдин жашоо-турмушунда коррупциянын тамырлап кетишине байланыштуу. Биз Европа же башка өлкө эмеспиз. Кайсы бир иштерди казып баштаса эле тууган-урук болуп чыга калат. Азыр президент коррупция менен аёосуз катуу күрөшөйүн десе, анда элитанын көбүн өзүнө каршы коюп алат. Ошон үчүн Бишкек ЖЭБине окшогон оркоюп көрүнүп калган иштерди гана казып жатышат. Башкаларга тийсе, элитанын 90 пайызы каршы чыгып, Сооронбай Жээнбеков башкаруучу боло албайт деп айтып чыгышат", - деди Сариев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Акылбек Жамангулов, саясат таануучу Эмил Жураев, журналист Нарын Айып жана коомдук ишмер Бакыт Рыспаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан