Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Президент айткан сөздөрүн, идеяларын азырынча ишке ашыра элек"

Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында соттордогу, күч түзүмдөрдөгү коррупцияны кескин сынга алган эле. SUPER.KG порталынын "Эмнеге ошол кездеги жетекчилер ушул кезге чейин камакка алына элек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Ал билдиргендей, президент идея катарында, сөз түрүндө көп эле нерселерди айтып жатат.

"Тилекке каршы, айткан сөздөрү азырынча ишке аша элек. Ал укук коргоо органдары, сот толугу менен коррупциялашкан деп билдирген. Коррупциялашкан болсо ошол түзүмдөрдүн ичиндеги мамлекеттик кызматкерлер, жетекчилер жоопкерчиликке тез аранын ичинде тартылышы керек болчу. Бирок алардын эч кимиси жоопкерчиликке тартылган жок. УКМКны коррупциялашкан деп айта турган болсок, анда анын ошол убактагы башчысы Абдил Сегизбаев эмнеге жоопкерчиликке тартылган жок? Ошондой эле башкы прокурор, алардын орун басарлары, бөлүм башчылары жоопко тартылган жок. Кызматтан бошотуу гана болуп жатат. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар болгон жок.

Андан кийинки кадам укук коргоо органдары, сот системи коррупциялашкан дей турган болсок, анда тез аранын ичинде биринчи түзүмдү алмаштырып, экинчи саясий реформалар башталышы шарт болчу. Мындай кадамдар дагы болгон жок. Мүмкүн иштеп жатат, күчтөрү жетпей жаткандыр же жөн эле айтып коюшуп ишти кылгысы келбей жатат белгисиз", - деди Жээнбеков.

Саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева, укук коргоочулар Канатбек Азиз, Рита Карасартова, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан