Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында соттордогу, күч түзүмдөрдөгү коррупцияны кескин сынга алган эле. SUPER.KG порталынын "Эмнеге ошол кездеги жетекчилер ушул кезге чейин камакка алына элек?" деген соболуна юрист Канатбек Азиз жооп берди.
Канатбек Азиз учурда президент коррупция менен күрөшүп жатат, аягына чыгуу үчүн убакыт керек экенин билдирди.
"Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүүдөгү аракетин жакшы деп бааласак болот. Мурда болбогон окуялар болду, мурунку өкмөт башчылар, бир нече жетекчи кызматта иштеген адамдар камакка алынды, тергөө иштери жүрүүдө. Мурда биз кыйкырып, азыр камакта тургандар укпай жаткан болсо, бүгүн өздөрү камакта жатышат. Мурдагы күч түзүмдөрүнө карата аракет көргөнгө иш ачылыш керек, далил керек. Моюнунан сүйрөп барып камап койгон болбойт. Жээнбековдун алдыда дагы убактысы бар, мыйзам бузулуп, коррупциялык көрүнүш орун алган жерлерге убакыттын өтүш менен жетет, чара көрүлөт. Мына Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында дагы маселе айтылды, бул боюнча да сөзсүз бир жыйынтык чыгат. Коррупция толук күрөш жүргүзүп, ар бир тармактагы маселелерди алып чыгуу үчүн убакыт керек", - деди Канатбек Азиз.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.