Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында соттордогу, күч түзүмдөрдөгү коррупцияны кескин сынга алган эле. SUPER.KG порталынын "Эмнеге ошол кездеги жетекчилер ушул кезге чейин камакка алына элек?"деген соболуна жарандык активист Мавлян Аскарбеков өз пикирин билдирди.
Аскарбековдун айтымында, президент коррупция менен күрөшүүдө чечкиндүү кадамга барышы керек.
"Бул маселе туура коюлган. Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев, экс-баш прокурор Индира Жолдубаева, ИИМдин экс-жетекчиси Улан Исраилов жана башка шоопур, жан сакчылар, жогорку кызматта өз билгенин кылганы үчүн, коррупцияны гүлдөтүп, бийликти узурпациялаган үчүн, оппоненттерге каралоо, коркутуу, камоо аракеттери үчүн, улуттук коопсуздукка шек келтиргендери үчүн кылмыш иштери козголуп, камалышы керек эле. Түркүн соодалашуу, башка күчтөрдүн кийлигишүүсү менен кутулуп кетүү аракеттерин көрүшүүдө. Президент коррупционерлер менен күрөшүүдө алсыздык көрсөтпөөсү зарыл. Эл баарын баамдап турат. Аскарбек Шадиевди качыргандары, жогорудагы жана башка ууру, коррупционерлердин камалбай жүрүшү эл арасында сөздөрдү жаратып, суроо, күмөндүү ойлорду пайда кылат. Бир коррупционерди камабай койсо, башкасы да жоопкерчиликтен качуу жолун табат. Ошондуктан президент чечкиндүү кадамга барышы керек, болбосо президентке болгон элдин ишеними кетери шексиз", - деди Аскарбеков.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочулар Рита Карасартова, Канатбек Азиз, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири төмөнкү шилтемеде.