Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлиги сунушталды

Бишкек шаардык кеңешинин "Кыргызстан" фракциясы төрагалыкка Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта SUPER.KG порталына аталган фракциянын лидери Таалайбек Сагынов билдирди.

"Кубанычбек Конгантиев тажрыйбалуу, төрагалык кызматка жашы дагы туура келет. Эки жолу шаардык кеңешке депутат болуп шайланган. Жыйындарда дайыма өзүнүн сунуштарын айтып келет. Ал төрагалыкка татыктуу талапкер", - деди Сагынов.

Кечээ, 23-августта Сагынов ар бир фракция бирден төрагалыкка талапкер сунуштоо жөнүндө сөз болгонун билдирген.

17-августта Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Мыйзамга ылайык, шаардык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерден тышкары акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.

Кубанычбек Конгантиев мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин баласы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан