Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жарандык активисттерди 28-августта жолугушууга чакырды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков мэриядан ага телефон чалып, Түлөбаев жолугушууга чакырганын социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады. "Балбакта (ред. Балбак Түлөбаев) менин жумушум жок. Анын менде жумушу болсо өзү чалсын, керек болсо өзү келсин деп жооп бердим. Же туура эмес айтып койдумбу? Мэрдин командасы саясий иш-чараны, коомдук жолугушууну ушинтип уюштурабы?" - деп жазган ал.
Түлөбаев SUPER.KG порталына жарандык активисттерди кайсы маселенин негизинде жолугушууга чакырганын айтып берди.
"Биз жарандык активисттерди мэриянын ишине кандайдыр бир талаптары болсо сүйлөшөлү деп жолугушууга чакырдык. Алар менен шаарыбыздын өнүгүшүн талкуулоону туура көрдүк. 10 күн мурун Канышай Мамыркулова, Калича Өмүралиева, Мавлян Аскарбеков, Адил Турдукулов менен сүйлөшкөм. Аманбол Бабакулов менен Равшан Жээнбековду таппай калдым. Жолугушуу үчүн залды даярдаш керек, билдирме берүү сыяктуу мэриянын ички процедуралары бар. Мен уюштуруу бөлүмүнө Аманбол Бабакулов менен Равшан Жээнбековду жолугушууга чакыргыла деп тапшырма бергем. Кызматкерлер өздөрүнүн ишин аткарып, аларды чакырган. Мен атамдын үйүнө конокко чакырган жокмун да, мэрияга чакырып жатам. Жаңы эле Равшан Жээнбековго телефон чалдым. Бул мамлекеттик кызмат жакшы билесиз деп айттым. Ал жолугушууга келбей турганы жана мэрге талабы жок экенин айтып, мыйзамдарга талаптары бар экенин билдирди. Мен өзүм телефон чала албаганым үчүн андан кечирим сурадым. Кыргыздын салт-санаасы боюнча улуу адамга өзүм чалышым керек эле. Бирок мамлекеттик кызматкер катары эч кандай туура эмес иш кылган жокмун.
Жарандык активисттер тарабынан айтылган көйгөйлөрдү жазып алып, кийинки жолугушууну мэр Азиз Суракматов менен өткөрөбүз деп пландап жатабыз", - деди Түлөбаев.