Депутат Мирлан Жээнчороев коррупцияга каршы күрөш боюнча: "Аттары аталган адамдарды эле абакка киргизе берген туура эмес"

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупционерлердин атын ачык атагыла деп айткан. SUPER.KG порталынын "Президенттин бул чакырыгына ишенесизби же бул чакырык кайра эле бюрократиянын тосмосуна кептелеби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жооп берди.

Анын пикиринде, учурда президент шайлоо алдындагы убадаларын аткарууга аракет кылып жатат.

"Коррупцияга каршы күрөштө дыккаттык менен иш алып барыш керек. Азыр ошондой эле иш кетип жатат. Бул багытта ачык-айкын тергөө жүрүшү зарыл. Ошондо мыйзамга ишеним пайда болот. Аттары аталган адамдарды эле абакка киргизе берген туура эмес. Биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз. Президенттин шайлоо алдындагы убадалары болгон. Алар четинен аткарылып жатат", - деди Жээнчороев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев, саясат таануучу Орозбек Молдалиев жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан