Депутат Исхак Масалиев: "Коррупционерлерди сөзсүз түрдө камаш керек эмес. Бирок ансыз да болбойт экен"

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупционерлердин атын ачык атагыла деп айткан. SUPER.KG порталынын "Президенттин бул чакырыгына ишенесизби же бул чакырык кайра эле бюрократиянын тосмосуна кептелеби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жооп берди.

Ал президенттин "коррупционерлердин аттарын ачык айткыла" деген чакырыгын кабыл алыш керек деген пикирде.

"Чакырыкка мен ишенем же ишенбейм деп кантип айтам? Президент элге кайрылып сунуштады, ачык сүйлөшөлү деди. Жакшы сунуш болду. Аракеттер болуп жатат. Коррупцияга каршы күрөштүн жалпы багыты көрүнүп жатат. Бирок азырынча бир дагы иш соттон өтө элек. Коррупциядан тазаланганга аракет көрүлүүдө. Жыйынтыгын айтуу азырынча эрте. Иштер сотко барып, соттун чечими чыккандан кийин айтса болот. Соттун чечиминен тышкары кайсы бир мамлекеттик кызматкерди кандайдыр бир таза эмес иштерге барса кызматтан бошотуу зарыл. Ал киши көчөдө калбайт. Мугалим болсо мугалим, дыйкан болсо дыйкан, курулушчу болсо курулушчу болуп иштей берет. Бул жетекчилик кызмат атасынан калган эмес. Кызматтан бошотуу боюнча аракеттер жасала бериш керек. Сөзсүз түрдө камаш керек эмес. Бирок ансыз да болбойт экен", - деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Кенжебек Бокоев, Мирлан Жээнчороев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жана саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан