Кытай ири карыз берүү аркылуу кичине өлкөлөрдү өз колониясына айландыра тургандыгы тууралуу чет элдик басылма жазып чыкты. Кыргыздын эң көп тышкы карызы Кытайдан алынган. SUPER.KG порталынын "Мамлекет эми алардын экономикалык басымынан кантип кутулушу керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов жооп берди.
Жамалдиновдун пикиринде, Кытайга болгон карызыбызды алдыдагы ири долбоорлордон түшкөн киреше менен кутулуп кетсе болот.
"Кытайдан 1,5 миллиард доллар карызыбыз бар деп коркпошубуз керек. Себеби Кытай Түркмөнстандан Кыргыз өлкөсү аркылуу газ ташып өтүү долбоорун ишке ашырабыз деп турат. Бул транзит үчүн бизге акча түшөт. Долбоор 2020-жылга чейин ишке ашса керек. Ал эми дагы карыз алына турган болсо, анда ал каражатты пайда түшө турган секторго сарпташыбыз шарт. Жол куруудан пайда түшпөйт. Электр тармагынан акча чогултса болот. CASA-1000 электр долбоору ишке ашса, биз да бир топ пайда тапсак болот. Бирок акыркы учурда жаңы ГЭСтер курулбагандыктан сатууга электр энергиясын таппай калышыбыз мүмкүн. Карыздан кутулуунун эң туура жолу - коррупцияны жоготуу. Бажы менен салыктан көп каражат түшөт. Ошол системдеги коррупцияны токтотуу эң маанилүү. Бизде азыр экспорт болбой жатат. Бажы союзу деп эле ага мүчө өлкөлөргө товарларды жөнөтүп жатабыз, бирок пайдасы аз болуп жатат. Азыр импорттун көбү бизге Кытайдан келүүдө. Ошону экспортко айландыруу зарыл. Алардын бир шаары менен эле келишим түзүп алсак бага албай чарчамакпыз. Кытай менен мамилебиз жакшы. Ошону өнүктүрүшүбүз керек. Ачыгын айтканда, Бишкектин жолдору Кытай берген каражат менен оңдолуп жатат да. Мындан ары насыя менен гранттарды катуу көзөмөлдөп, сарамжалдуу иштетүү зарыл", - деди Жамалдинов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Акылбек Жамангулов жана саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.