Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргыз өлкөсүнө иш сапары менен келет. Бул тууралуу маалымат жыйында Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Комил Рашидов билдирди.
"Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 3-сентябрда Чолпон-Атада өтө турган түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине катышат. Ал эми өлкө башчысынын Көчмөндөр оюнунун ачылуу аземине катышуу маселеси каралып жатат.
Ошондой эле III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Өзбекстандан 60ка жакын спортчу жана этнофестивалга "Уйчи тонги" фольклордук тобу катышат. Көчмөндөр оюндарына Өзбек делегациясын дене тарбия жана спорт министри баштап келет", - деди Рашидов.