Өзбек элчиси чек арадагы такталбаган жерлерди алмаштыруу боюнча пикирин билдирди

Кыргыз-Өзбек чек арасына жакын жайгашкан аймактарды алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Комил Рашидов билдирди

"Эки өлкөнүн ортосундагы аймактарды алмаштыруу тууралуу маалыматтар Кыргыз делегациясынын өкүлдөрү тарабынан айтылып жатат. Биз да мунун тарапташыбыз жана азыр да ушул пикирди карманабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуучу маалыматтардын тексттери алдын ала эки тараптын ортосунда макулдашылат. Ошондуктан мен азыр так маалыматтарды айта албайм. Бирок бул маселе боюнча эки тарап биргеликте бири-бирине болгон ишеним менен сүйлөшүү процесстери уланып жатат", - деди өзбек элчиси өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан