2015-жылы "Газпром" компаниясы 5 жылга инвестициялык келишим менен Кыргыздын бүткүл газ инфраструктурасын алды эле. SUPER.KG порталынын "Келишим талаптары аткарылдыбы? "Кыргызгазды" бекер карматып салуу чечими туура болдубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров жооп берди.
Ал "Газпром" менен келишим аягына чыкканда жыйынтыктары тууралуу өкмөт маалымат бере турганын айтты.
"5 жылга түзүлгөн келишим аягына чыга элек. Келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жыйынтыктар тууралуу өкмөт маалымат берет. Кандай иштер жүрүп жатканын "Газпромдо" иштегендерден сурабасаңар, депутаттар кайдан билсин? Жүрүп жаткан иштерди өкмөт көзөмөлдөйт. Негизинен иштер жүрүп жатат. Жаңы конуштар газ менен камсыздалып, айрым жерлерде газ берүүнү убактылуу токтотуп, оңдоо иштери жүрүп жатканы боюнча телеберүүлөрдөн берип жатат. Келишимдин талаптары кандай түзүлгөнүн карай элекпиз", - дейт Сабиров.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер Эдил Байсалов, экономика маселелери боюнча эксперт Эмил Үмөталиев жана энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.