Эксперт Расул Умбеталиев: "Кыргызгаз" ошол тармактагы коррупциялык иштерди жабуу максатында сатылып кеткен"

2015-жылы "Газпром" компаниясы 5 жылга инвестициялык келишим менен Кыргыздын бүткүл газ инфраструктурасын алды эле. SUPER.KG порталынын "Келишим талаптары аткарылдыбы? "Кыргызгазды" бекер карматып салуу чечими туура болдубу?" деген соболуна энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев жооп берди.

Умбеталиевдин айтымында, "Кыргызгаздын" өзүнүн баасы болгон, коррупциялык иштерди жашыруу максатында сатылып кеткен.

"Кыргызгазды" “1 долларга” сатуу чечими туура эмес болгон. Себеби дегенде "Кыргызгаздын” өзүнүн баасы бар болчу, 150-200 миллион доллардын тегерегинде бааланмак. Имараттары, ар кыл газ куурларын эсепке алганда деле көлөмдүү каражатка сатылмак. Сатылып кетишинин себеби ошол учурда "Кыргызгаз” коррупциялашып кеткен, 15-20 миллион доллардын тегерегиндеги каражаттар кайсы бир тараптардын чөнтөгүнө кеткен. Ошол сол жакка кеткен каражаттарды жашыруу максатында сатып жиберишкен. Чынында эле ошондой болду, ал иштер ачылбай кала берди.Сатып алган тараптын ишин айта турган болсок, бир топ убадаларды бергени менен, бүгүнкү күндө көрүнүктүү ишин көрө элекпиз. Бишкекте жана Ысык-Көлдө спорт комплекстерин салды, ага баарыбыз күбөбүз. Андан башка да 2030-жылга чейин Кыргыз аймагынын 70-80 пайызын газ менен камсыз кылуу милдетин алган, бирок иштер аткарыла элек. Оңдоп-түзөө, чарбалык майда жумуштарды аткарып жатышат, бирок көрүнүктүү жумуштарын көрө элекмин", - деди Умбеталиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Максат Сабиров, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер Эдил Байсалов жана экономика маселелери боюнча эксперт Эмил Үмөталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан