Эксперт Эмил Үмөталиев: "Кыргызгазды" Орусияга 100 пайыз берип салбай, кошумча мүмкүнчүлүктөрдү табуу керек эле"

2015-жылы "Газпром" компаниясы 5 жылга инвестициялык келишим менен Кыргыздын бүткүл газ инфраструктурасын алды эле. SUPER.KG порталынын "Келишим талаптары аткарылдыбы? "Кыргызгазды" бекер карматып салуу чечими туура болдубу?" деген соболуна экономика маселелери боюнча эксперт Эмил Үмөталиев жооп берди.

Ал Орусия "Кыргызгаз" ишканасын "Газпром" компаниясынын карамагына аларда бир топ убадаларды бергенин эскертти. "Бирок иш жүзүндө убадалардын баарын аткара аларына толук кандуу ишене алган эмесмин. Бул тууралуу ошол учурда да айтып келгем. Себеби Орусия буга чейин бир нече долбоорду каржылоо үчүн убада берген. Бирок алардын бирин дагы аткара алган эмес. Мындай көрүнүш Орусиянын өзүндө да көп болот. Ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда коррупциялык чуулгандуу иштер чыгып, орто жолдон иштер токтоп калат.

Биздин өлкөнүн "Кыргызгазды" бир өлкөгө байлап берип монополия болуусуна жол бергенибиз чоң катачылыгыбыз болгон. Эгемендүү мамлекетпиз дегенибиз менен, экономикалык жактан Орусияга аябай эле көз карандыбыз. Эми алар убадасын аткарабы же жокпу өздөрү билет. Биз эч нерсе кыла албайбыз. Ошон үчүн бир өлкөгө байланбай башка тараптан да мүмкүнчүлүк издөө керек эле. Атаандаштык болгон жерде дайыма туруктуулук, тең салмактуулук болот. Бир тарапка да толук көз каранды болбойсуң", - деди Үмөталиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Ирина Карамушкина, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер Эдил байсалов, энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан