КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев партиядан чыгарылды. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП катарын тазалоону Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштады. Партияда жок, фракцияда бар КСДПны жакын арада кандай тагдыр күтүп турат?" деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Мухтарбек Айнакулов жооп берди.
Ал депутат Кожобек Рыспаевдин партиядан чыгарылганын эми укканын айтты.
"КСДП фракциясынын тагдыры жакшы болот. Коркунуч жок. КСДП "Ак жол", "Алга Кыргызстан" партиясындай болуп коркунучтуу болгон эмес. Партиянын курамына Кыргыз мамлекетинин бардык облусунун өкүлдөрү кирген. Эми партияда келген, кеткен адамдар болот да. Кээ бири карьера үчүн, кээ бири башка кызыкчылык үчүн келет. Партияда дайыма тазалануу болуп турушу керек. Азыр деле "Ак жол", "Алга Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү башка партияларда жүрүшөт", - деди Айнакулов.
КСДП фракциясынан депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Ирина Карамушкина, саясий серепчи Марс Сариев, Орозбек Молдалиев, КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязовдун пикири төмөнкү шилтемеде.