КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов: "КСДПнын жетекчилиги партиянын ысык-суугуна күйгөн мүчөлөрүн четке кагып, бөтөн адамдарды депутаттык тизмеге киргизген"

КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев партиядан чыгарылды. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП катарын тазалоону Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштады. Партияда жок, фракцияда бар КСДПны жакын арада кандай тагдыр күтүп турат?" деген соболуна КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов жооп берди.

Ал КСДП жетекчилиги убагында каталарды өзү кетирген деген пикирде.

"КСДПнын жетекчилиги партиянын ысык-суугуна күйгөн мүчөлөрүн четке кагып, бөтөн адамдарды депутаттык тизмеге киргизип, кызматтарга койгон. Партияларды мээлейдей алмаштырган адамдар эми башка партияга өтүп, өз кызыкчылыгын көздөп кете берет. Ал эми партиянын өзөгү болгон мүчөлөрү КСДПнын жетекчилигинен көңүлү калган. Партия кыйын учурда көп мүчөлөрүн колдонуп кийин көңүл бурбай койгон. КСДПнын мүчөлөрү "Атамбаев бизди сатып кетти" деген ойдо калышты. Үмүттөр акталган жок. Жыйынтыгында партия ыдырайт. Ушул себептердин негизинде партиянын эски мүчөлөрү партиянын лидерин алмаштырабыз деген демилге көтөрүп жатышат да", - дейт Самудинов.

КСДП фракциясынан депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Ирина Карамушкина, Мухтарбек Айнакулов, саясий серепчи Марс Сариев, Орозбек Молдалиев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан