КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов: "Партиялык билетти алмаштыруу КСДПны жаңылоонун негизги факторлорунун жана куралдарынын бири болот"

КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев партиядан чыгарылды. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП катарын тазалоону Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштады. Партияда жок, фракцияда бар КСДПны жакын арада кандай тагдыр күтүп турат?" деген соболуна КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов жооп берди.

Ал Кожобек Рыспаевди КСДПнын мүчөлүгүнөн чыгаруу чечими боюнча партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева түшүндүрмө бергенин эскертти.

"Саясий кеңештин жыйынында партиялык билетти алмаштыруу тууралуу чечим кабыл алынды. Менин оюмча, партиялык билетти алмаштыруу КСДПны жаңылоонун негизги факторлорунун жана куралдарынын бири болот. Партиялык билетти алмаштыруу учурунда партия менен байланышын жоготкон мүчөлөр аныкталат. Бул жерде кандайдыр бир конкреттүү инсандар жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Бардыгы партиялык уюштуруу иштеринин алкагында чечилет", - деди Ниязов.

КСДП фракциясынан депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Ирина Карамушкина, Мухтарбек Айнакулов, саясий серепчи Марс Сариев, Орозбек Молдалиев, КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудиновдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан