КҮНСЕРЕП: КСДП "тазаланууну" Жогорку Кеңештеги депутаттарынан баштады

Бүгүн, 30-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

КСДП партиядагы катарын "тазалай" баштады. Кечээ аталган партиянын саясий кеңеши жыйынга чогулганы маалым болуп, анда Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевди КСДП мүчөлүгүнөн чыгаруу чечими кабыл алынган. Буга эл өкүлүнүн партиянын уставында белгиленген милдеттерине жана негизги максатына төп келбеген жоругу себеп болгондугу айтылды. Саясий кеңеш КСДП фракциясына мүчөлүктөн чыгарылган депутатты Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагалыгынан чакыртып алууну да сунуштады. Рыспаев аталган комитетти соңку 6 жылдан бери 2012-жылдан тартып жетектеп келет. Буга чейинки чакырылышта ал "Ар-намыс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган эле.

КСДПнын өкүлү жогорудагы партиянын чечимин кенен түшүндүрүп жатып аны Бишкек ЖЭБинде орун алган өндүрүштүк кырсыкка байланыштырды. "Рыспаев "Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм " деген. Көпчүлүк "авариянын башкы күнөөкөрү" деп атаган Бишкек ЖЭБинин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулун Кожобек Рыспаев ачык эле колдоодо деген туруктуу пикир жаралды. Муну ал четке какпайт жана Нурлан Өмүркул уулун дал ушул кызматка өзү "сунуштаган" дейт КСДПнын өкүлү. Анын айтымында, Бишкек ЖЭБинин мурдагы башчысынын башынан бир тал чач түшпөй, тескерисинче, Жогорку Кеңештин жыйындарына дамамат чакырылып турган. "А чынында дал ушул мурдагы башчы ЖЭБди модернизациялоодон кийин негизги каражаттарды, анын ичинде жек көрүндү болгон айтылуу аттиштерди дагы ишкананын эсебине кабыл алуу буйругун эсепчилерге берген" дейт КСДПнын өкүлү.

Нурлан Өмүркул уулу Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык орун алгандан кийин кыска убакытка кармалып, кийин коё берилген. Кырсыктан улам биринчи болуп кызматтан алынганы менен кырсыктын болушуна жол берген жетекчи катары деле кылмыш жообуна тартылчудай эмес. Даңазалуу 600 доллардык кычкачтарды айтып чыкканына караганда Өмүркул уулу тергөө менен иштешип, кандайдыр бир кепилдик алгандай. Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча "шалаакылык" жана "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иштери козголуп, эки мурдагы өкмөт башчы баштаган 7 үлкөн чиновник учурда тергөө абагында. Бул өңүттөн алып караганда, Нурлан Өмүркул уулу кызматынан бошотулуу менен гана кутулган.

Кожобек Рыспаевге келсек, буга чейин анын ысымы экс-премьер Сапар Исаковдун жактоочусу тарабынан айтылганы белгилүү. Жактоочу Нурбек Токтакуновдун айтымында, Бишкек ЖЭБин жаңылоо келишимин жактырууда Жогорку Кеңештин 3 депутаты, анын катарында Кожобек Рыспаев мыйзам бузууга жол берген. Жактоочу аларга карата укуктук баа берилсин деген арыз менен Башкы прокуратурага кайрылган. "Кожобек Рыспаев жана башка Жогорку Кеңештеги жооптуу 2 комитет башчы келишимди жеткиликтүү талкуулабай туруп, экспертиза дайындабай, шашылыш кабыл алган. Мындай келишим жок дегенде 1 ай каралышы керек эле. Алардын чечими регламентке каршы келип, мыйзам бузуу болуп саналат" деген жактоочу.

КСДПнын мүчөлүгүнөн чыгарылганын уккан Кожобек Рыспаев SUPER.KG порталына "Коррупциялык иштер болуп жатканын мен кантип айтпай коё алам. Партиянын ою боюнча мен унчукпай отурушум керекпи? Менин партиядан чыгарылганыма аларды колдобой койгонум эле себеп болду деп ойлойм. Саясий кеңештин тизмеден чыгарууга укугу бар экен, чыгара берсин" деди. КСДП Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарып койгону менен бул анын Жогорку Кеңештеги фракциясынан да чыгарылды дегенди билдирбейт. Буга чейин Жанар Акаев КСДП фракциясынан чыгарылганы белгилүү. Ал учурда эркин депутат. Мыйзамга ылайык, депутаттын мандатын тартып алуу мүмкүн эмес. Парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетини КСДПнын квотасында, бирок комитеттин төрагалыгын жалпы палатанын добуш берүүсү чечет. Андыктан, КСДПнын саясий кеңешинин кечээки чечими кагаз жүзүндө эле калышы мүмкүн. Фракция эбак эле Атамбаевдик болбой калганы маалым. Буга кошумча чечимди кабыл алууда саясий кеңештин канча мүчөсү болгондугу, анын канчасы колдоп, канчасы каршы болгондугу тууралуу маалыматтын жок экени да шек туудуруп жатат. SUPER.KG’нин бүгүнкү Күнсоболуна жооп бергендердин катарында КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү боло туруп, ал жыйынга чакырылбаганын айткандар да болду.

Көңүл бурууну талап кылган маселе башкада. Рыспаевдин КСДПдан чыгарылышы бул бир эле жолку көрүнүш болобу же ушундай көрүнүштөрдүн башталышы гана элеби? Эгерде бул башталыш гана болсо, анда КСДПнын катары суюлуп, азыркы бийликчил топко парламенттик шайлоого башка партияны даярдап чыгуусуна туура келет. Шайлоого эки жылдан аз убакыт калды. Рыспаевге окшогон КСДПчы депутаттардын “уурулук кылбаган, коррупцияга аралашпаган, таза партияга мүчө болгусу келерин” айтып баштаганы да бекеринен эмес болушу ыктымал. Мындан улам, Жогорку Кеңеште жаңы партия түптөлө баштадыбы деген түкшүмөлгө жем ташталды.

КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев бир жыл мурда президенттик кызматтан кеткенден кийин партияны тазалап, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдап, өзү тизмеде башында туруп, шайлоого катышуусу мүмкүндүгүн билдирген эле. Учурдагы кырдаалдан улам КСДП аргасыз "тазаланууга" барышын күтүүгө болот...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан