Экс-президент Алмазбек Атамбаев эртеңки Эгемендүүлүк күнү менен кыргыз элин куттуктады

Экс-президент Алмазбек Атамбаев эртеңки Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз элин куттуктады. Куттуктоонун толук тексти төмөнкүдөй:

"Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу Кыргыз мамлекетинин жарандары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук башкы майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү Декларациянын кабыл алынганына быйыл 27 жылдын жүзү толуп отурат. Бул жылдар аралыгында биздин жаш өлкөбүз көптөгөн кыйынчылыктарга карабай, өнүгүү жолунда келе жатат. Арийне, мындай татаал жолдо дагы эле болсо көйгөйлөрүбүз арбын, бирок сыймыктана турган иштерибиз да аз эмес.

Бул мезгил ичинде Кыргыз мамлекети акыркы жылдарда гана толук кандуу мамлекет катары калыптана алды, артта калган, кедей өлкөлөрдүн катарынан чыгып, бакубат жашоого жана туруктуу өнүгүүгө бет алдык.

Жаңы эгемен тарыхыбызда алгачкы жолу тагдыр чечер, масштабдуу улуттук долбоорлорду ишке ашыра баштадык. Атап айтканда, элибиздин аргасын кетирип, узак жылдар бою башкаларга күнкор кылып келген Кыргыз өлкөсүнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылдык. Мындан мааниси түк кем эмес транспорттук көз карандысыздыкка жетишерибизге да буюрса, аз калды, республиканын түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативалык жолдун курулушу жүрүүдө, совет доорунан бери тамтыгы кетип, кароосуз калган жолдорду реконструкциялап чыгып, буга чейин болуп көрбөгөндөй жаңы жолдорду курдук.

Белгилей кетүүчү татыктуу дагы бир маанилүү жетишкендик – Кыргыз мамлекетинин Куралдуу күчтөрүн чыңдоо багытында эбегейсиз зор иштер аткарылды. Мунун натыйжасында биз ар кандай тышкы коркунучтарга татыктуу каршы тура алган, согушка жөндөмдүү, мыкты камсыздалган армияга ээ болдук.

Тышкы саясат жаатында да позициябыз чыңдалды. Кыргыз мамлекети дүйнөнүн кайсы өлкөсү болбосун, тең ата сүйлөшө ала турган, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада бекем коргой ала турган өлкөгө айланды. Бул аткарылган иштер биздин өлкөнү кечээ жакында эле мамлекет боло албайт дегендердин кас үмүтүн биротоло таш каптырды.

Жогоруда айтылган жетишкендиктердин баарына биз Кыргыз өлкөсүнүн элинин белсенген кайраты, күч-аракети, элибиздин сабырдуулугу жана даанышмандыгы менен жетиштик. Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын чыңдоодо ар бир жараныбыздын кошкон салымы баа жеткис. Ошондуктан Эгемендүүлүк күнү элибиздин жалпы улуттук улуу майрамы.

Кымбаттуу мекендештер!

Биздин алдыбызда дагы көптөгөн максаттар менен милдеттер турат. Өлкөбүз, элибиз аман болсо, арабызда тынчтык, биримдик менен ынтымак болсо, Кыргызстаныбызды өнүккөн, алдыңкы өлкөлөрдүн катарына сөзсүз кошобуз. Алдыга койгон максаттардын баарын аткарабыз. Бүгүн элибиз белгилеп жаткан улуу майрам - Эгемендүүлүк күнү мына ушундай эртеңки күнгө болгон ишеним үмүттөр менен тыгыз байланышууда.

Жалпы элибизге, баарыңыздарга бекем ден соолук бак-таалай каалайм! Ылайым арабыздан ынтымак кетпесин, асманыбыз дайыма ачык болсун!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан