Эгемендүүлүк күнүнө арналган мааракеге экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева чакырылган. Отунбаева иш-чарага катышты, ал эми Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катышпай турганын КСДПнын катчылыгы билдирген. SUPER.KG порталынын "Экс-президент Атамбаевдин майрамдык мааракеге катышпаганын кандай кабыл алдыңыз?" деген соболуна жарандык активист Алга Кылычов жооп берди.
Ал Атамбаевдин Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чарага катышпаганынан саясат издөөнүн кереги жок экенин белгиледи.
"КСДПнын расмий билдирүүсүндө айтылгандай, Атамбаев ден соолугуна байланыштуу иш-чарага катыша алган жок.Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамды үй-бүлөсү менен тосот. Дарыгерлер Атамбаевдин бел омурткасынын ооруганына тынчсызданып, ага баспоону сунуш кылышкан. Анын сакайып кетишин тилейбиз. Ар ким өз деңгээлине жараша "Атамбаев мааракеге башка себептерден улам келбей калды" деп ар кандай пикирлерди айтып жатышат. Айрымдар, тилекке каршы, көзү ачыктык кылганды абдан жакшы өздөштүрүп алышты. Бул жерде саясат издөөнүн деле кереги жок", - деди Кылычов.
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов, саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, коомдук ишмерлер Эмилбек Каптагаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.