"Мен президент катары тосуп жаткан биринчи мамлекет башчысы сиз болдуңуз, урматтуу Эрдоган мырза".Мындай сөздү президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти менен болгон жолугушууда билдирди.
Жээнбеков Түркия Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн тааныган алгачкы өлкөлөрдөн болгонуна ыраазычылык билдирди. "Сизди Түркиянын президенти болуп кайрадан шайлангандыгыңыз менен дагы бир жолу чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Шайлоолордун жыйынтыгы сиз аткарган иштерге жана жасап жаткан реформаларга түрк эли тарабынан көрсөткөн чоң ишенимди айгинелейт", - деди президент Жээнбеков.
Учурда эки лидер кең чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүүдө