Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 2-сентябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алтынчы саммитине катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келди. Аны аэропорттон биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов тосуп алды.
Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Назарбаев сапар алкагында президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.
Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышары күтүлүп жаткан.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз жерине 1-сентябрда учуп келген.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көл жергесинде өтөт. Биринчи жана экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы өткөрүлгөн.