Окуучулук күндөрдө кандай гана кызыктар болбойт. Үч айлык каникулдан кийин кайрадан кызыктарга бай болгон окуу жылы башталды. Ак көйнөк кийип, ак бантик тагып мектепке бара жаткан балдар-кыздарды көрүп, окуучулук күндөрүңүз эсиңизге түшкөн чыгар? Ал эми сентябрь башталар менен башталгыч класста окуп жаткан окуучулардын ата-энелери да балдары менен бирге мектеп жашоосуна сүңгүп киришет. Математика, тарых, музыка, география...
Төмөнкү тесттен өтүп, мектеп күндөрүнө кайтып көрүңүз.