Австралиянын Перт шаарында 10 жашар кызды классташтары мектептин короосуна асып койгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, асылып турган 10 жаштагы Амбер Юнду мектептин мугалими куткарып калган. Амбердин апасы Белинда кызы жүрөк оорусу менен жабыркап келгенин айтып, бирге окуган классташтары кызына көп убакыттан бери ар кандай зордук-зомбулук көсөтүп келгенин билдирген.
Мугалим окуучу кыздын бакта буттары жерге тиер-тийбес абалда асылып, муунуп жаткан абалын көрүп калган. Мугалимдин айтуусунда классташтары кыздын моюнун секирме (скакалка) менен байлап асып салышкан. Жергиликтүү маалымат булактарына кыз өз өмүрү менен коштошуп жатып аман калганын көзүнө жаш алуу менен айтып берген. Учурда тиешелүү органдар бул окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы жазылат маалыматта.