Бүгүн, 4-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эң күтүлгөн беттеши болбой кала жаздады. Чолпон-Атада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Казакстандан келген көк бөрүчүлөр курамы катышпайбыз деп чыкты. Көк бөрү боюнча финалда Кыргыз-Казак беттешин күтүп жаткан оюндун күйөрмандары үчүн бул күтүүсүз кабар болду.
Казак тарап буга чейин да талап кылып келе жаткандай эле оюн көкпардын (көк бөрүнүн казакча версиясы) эрежесине ылайык өтсүн деп шарт коюп, 3-сентябрда Красноярск курамасы менен беттешүүгө чыгышкан жок. Бүгүн эки өлкөнүн Көк бөрү федерация жетекчилери сүйлөшүп, анда Казак командасы оюнга катыша турган болуп чечилди. 2017-жылы Астанада көкпар боюнча 1-дүйнө чемпиондугунда казактар жаӊы эрежеге таяп, Кыргыз оюнчуларынан аттарынын арткы туягынан такаларын чечүүнү талап кылышкан. Бул эрежени кабыл албаган Кыргыз командасы кайтып кетерде да Көк бөрү федерациясынын жетекчилери сүйлөшүүгө барып, Кыргыз оюнчулары араӊ тизгин тарткан. Кыргыз тарапка аттарынын такасын чечпей туруп оюнга катышууга уруксат берилген. Финалда 4:1 эсебинде үй ээлери утуп алышкан. Андан бери 1 жыл өттү. Көк бөрүнүн Кыргыз күйөрмандары Кыргыз командасы казактарга атайылап жеңилип берди деп, катуу нааразычылыктар, сындар айтылган. Андыктан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бул эки команданын беттешүүсүн оюнчулардан да күйөрмандар көбүрөөк каалап тургандай.
Көкпардын Кыргыздын көк бөрүсүнөн айырмасы эмне? Улак тай казанга эмес, диаметри 3 метр болгон тегерек чийинге ташталат. Оюнчулар союлган улактын тулкусун эмес, муляж тартышат. Аттардын арткы буттарына така кагылбайт. Казак тарап бул жаӊы эрежелерди "коопсуздук үчүн" деп түшүндүрүп жүрөт. Ал эми Кыргыз улакчылары эчен жылдардан бери келаткан оюндун салттуу эрежелерин өзгөртүүгө каршы. Кыргыз-казак улакчыларынын тиреши 5 жылдан бери күчүндө. 2013-жылы Астанада өткөн көк бөрү боюнча Азия чемпиондугунун финалында казактар 4:2 эсеби менен уткан. 2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылган Казак курамасы катышуудан баш тарткан. Ал эми 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун финалында Кыргыз командасы Казакстанды 15:3 эсебинде уткан. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалына да Кыргыз-Казак командалары чыгат деп, эмитен катуу таймашты күткөндөр арбын. Андыктан Казак тараптын "оюнга катышпайбыз" деген маанайы Кыргызда эле эмес, Казакстандын өзүндө да шылтоо катары кабылданып, сындарга кабылды. Мисалы, Көкпар федерациясынын Актөбө облусу боюнча жетекчиси Фархат Сансызбай казак оюнчулары шылтоо айтпашы керектигин, анткени Көчмөндөр оюндарында көк бөрү чийинде эмес, тай казанда болору алдын ала эскертилгенин айтып чыкты. Көк бөрүнү ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү боюнча да Кыргыз-Казак ортосунда тирешүү бар. Кечээ Чолпон-Атада өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитинде президент Сооронбай Жээнбеков "азыркы тапта дүйнөнүн булуң-бурчунда Көчмөндөр оюндарын кайталоо максатында ар кандай долбоорлор сунушталууда. Мен биргеликте, өзүнүн туруктуулугун көрсөткөн, акыркы 6 жылда үч жолу ийгиликтүү өткөрүлгөн жана БУУнун резолюциясында белгиленген Көчмөндөр оюндарын колдоого чакырам" деп билдирди. Бул сөз саммитте отурган Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге даректелди десе да болот. Анткени Казакстан 2021-жылы I Дүйнөлүк этноспорт оюндарын өткөрүүгө камынып жатат...
2 айлык тыныгуудан соӊ Жогорку Кеӊештин кезектеги сессиясы өз ишин баштады. Тагыраагы, башталбай жатып тыныгуу алды. Төрага Дастанбек Жумабеков жалпы жыйында депутаттар ишке чыкканын жарыялады. Төраганын мындай жарыясы жана депутаттардын бири-бири менен учурашып, ал-жай сурашуусу менен жыйын соңуна чыкты. Регламентке ылайык, шейшемби - депутаттар комитеттерде иштөөчү күн. Спикер депутаттарга ийгилик каалап, аягында Көчмөндөр оюндарына активдүү катышып бергиле деди. Оюнда депутаттардын миссиясы эмнеде экени түшүнүксүз. Кырчында ар аймактан боз үйүн, дүр-дүйүм тамак-ашын артынып келген топторго барып, сый көрүп, концерт, оюн, беттештерди көрүүбү?
Бүгүнкү жыйынга депутат Канатбек Исаевдин келгени жаңылык болду. Жарым жыл мурун Исаевди мандатын сактап калат, депутаттык ишин улантат деп элестетүү кыйын эле. Исаевге Токмоктун мэри кезиндеги иши үчүн 2010-жылы Апрель революциясынан кийин кылмыш иши козголуп, анан токтотулган эле. Кийин Канатбек Исаев Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан соң иш кайра жандандырылды. Былтыр президенттик шайлоо алдында Исаевге "кылмышка даярдануу", "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча дагы бир кылмыш иши козголуп, депутат УКМК тарабынан кармалган. Быйыл январда Биринчи Май райондук соту Исаевди биринчи ачылган кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыратты. Жээнбековдук бийлик күчүнө кирген соӊ Исаевге мамиле өзгөрдү. Июнда Бишкек шаардык соту ага карата ачылган биринчи кылмыш ишин жоопко тартуу убактысы өтүп кетти деп токтотсо, 1 айдан кийин шаардык сот депутаттын экинчи ишин кайра тергөөгө жиберип, өзүн үй камагына чыгарды. Ушул чечимдердин кудурети менен Исаев 11 айдан соң парламентке кайтты. Өзүнө карата козголгон кылмыш иши тууралуу: "Сот мыйзамдын негизинде чечим чыгарса, акталам", - деген үмүтүн билдирди.
Бийлик алмашкан соң кылмыш иши соттон тергөөгө кайтарылып, депутаттык мандатын сактап калгандардын катарында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов дагы бар. Ал Эсептөө палатасынын аудитору кезиндеги иши үчүн күнөөлүү деп табылып, 2017-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 5 миллион сом айыпка жыгылган. Быйыл июнда Бишкек шаардык соту райсоттун чечимин жокко чыгарып, тергөөдө такталбаган жагдайларды оӊдоо талабы менен ишти кайра тергөөгө жөнөттү. Бул арада Шыкмаматов жетектеген "Ата Мекен" фракциясы президент Жээнбековдун бийлигинин бекемделишине чоӊ салым кошуп, Сапар Исаковдун өкмөтүн ишенбестик көрсөтүү жолу менен отставкага кетирүүдө, башкы прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууда активдүү роль ойноду. Жакында Бакиевдик бийликтин ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши токтотулду. Бул ишти Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров өӊдүү Апрель революциясынын катышуучулары кескин сындап чыгышты. Ал эми Алмамбет Шыкмаматов Конгантиев туура эле акталганын айтып, "Апрелдеги 100гө жакын азаматтын бейкүнөө көз жумушуна Конгантиевдин тиешеси жок" деди. Бийликтин кайырмагында илинип турган абал оңой эмес...
Өлкөдө "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны тандоо аукциону өттү. Сынакка 3 компания катышып, ыӊгайлуу бааны орусиялык "ВЕГА" компаниясы сунуштады деген маалымат берилди. Аукционго "Маалыматтык системдин коопсуздугу" жана "Альфа телеком" компаниялары да катышты. Буга чейинки аукционго "ВЕГА", "Кыргыз телеком" жана "Мегалайн" компаниялары катышкан эле.
Өкмөттүк комитет баштапкы бааны 2,5 миллиард сомдон бир кыйла төмөндөтүптүр. Баштапкы баа 1 миллиард 276 миллион 353 миӊ 120 сом деп жарыяланып, "ВЕГА" 1 миллиард 125 миллион 765 миӊ 277 сом сунуштады. Ал эми "Маалыматтык системдин коопсуздугу" өз кызматына 1 миллиард 139 миллион 368 миӊ 623 сом сунуштаса, "Альфа телеком" 1 миллиард 273 миллион 801 миӊ 690 сом сунуштаган. Буга чейин "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу үчүн кытайлык "Хуавей" компаниясы менен тендерсиз, түз келишим түзүлгөндө коомчулукта Кыргыздын улуттук коопсуздугуна коркунуч туулушу мүмкүн экенин, өлкөнүн маалыматтык базасы Кытайга карматылып жатканын айтып чыккандар болгон. Ушундай эле сын "ВЕГА" компаниясы боюнча да айтыла баштады. Бул компания Орусияда аскердик өндүрүш багытындагы концернге караштуу ишкана экени талкууга түштү. Бул жолу аукционго "Мегалайн" компаниясы катышкан жок жана себеби белгисиз. Мурдагы аукцион "ВЕГАны" жеӊүүчү кылуу үчүн атайы үзгүлтүккө учуратылды беле?
2013-жылдан бери өкмөт 4 жолу аракет кылып долбоорду баштабай келе жатат. Акыркы жолу августта 2 миллиард 500 миллион сомдук баштапкы баа менен сынак жарыяланып, жеӊүүчү аныкталчу күнү "техникалык катачылыктан" деп аукцион үзгүлтүккө учураган. Ошентип 5-жолку аракетте "Коопсуз шаарды" ишке ашырып берүүгө кайрадан бир фирма тандалды. Эми тендердик комиссия бул компаниянын мүмкүнчүлүгүн, шарттарын карап чыгып, апта аягында акыркы чечимди чыгарат.
Депутаттар бул долбоор өкмөттүн тагдырын чечип калышы мүмкүн деп эскертип жатышкан. Тендер өткөн соң соттошуулар, аткаруучу компания менен келишим түзүлүп калгандан кийин келишим бузулган учурлар дагы бар. Эгер тендердик комиссия "ВЕГАга" ишеним артса, "Коопсуз шаар" курууга даярдык Абылгазиевдик өкмөттүн өмүрүн узартат...