Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев телеканалдардын бирине маек берип жатып, гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдаган. Мындан улам депутат коомчулуктун сынына кабылды. Эл өкүлү журналисттерге гимнди ырдап бергенине өкүнүп жатканын билдирген. SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин депутатынын мамлекеттин символикасы болгон гимнди билбегени эмнени билдирет?" деген соболуна "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов жооп берди.
Ал эл өкүлү болгондон кийин гимнди милдеттүү түрдө билиши керек деген пикирде.
"Эгемендүүлүктү алганыбызга 27 жыл болуп, жакында эле майрамдадык. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин биздин желегибиз, гербибиз, гимнибиз бар. Негизи эл өкүлү болуп баратканда эгемендүүлүктү качан алганыбыз боюнча, желегибиз кайсы түстө, гимнибиздин текстин, мамлекеттин тарыхын сөзсүз түрдө билүү зарыл. Гимнди билбеген депутаттын жазаланышы мыйзамда каралган эмес. Мен гимн боюнча фракция депутаттарынын баарынан экзамен албайм да. Фракциянын жыйыны өткөндө гимнди билбеген уят деп айтып коём", - деди Турускулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Тазабек Икрамов, Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев, журналист Турат Акимов, жарандык активисттер Аманбол Бабакулов, Айбек Мырза, Замирбек Көчөрбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.