Депутат Тазабек Икрамов: "Адам гимнди жатка билсе - акылдуу, билбесе - акылсыз" деген туура эмес"

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев телеканалдардын бирине маек берип жатып, гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдаган. Мындан улам депутат коомчулуктун сынына кабылды. Эл өкүлү журналисттерге гимнди ырдап бергенине өкүнүп жатканын билдирген. SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин депутатынын мамлекеттин символикасы болгон гимнди билбегени эмнени билдирет?" деген соболуна "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамов өз пикирин билдирди.

Депутаттын пикиринде, гимнди жатка билиши менен билбей калышы адамдын акылынын деңгээлинен кабар бербейт.

"Гимнди сөзсүз билүү боюнча Конституцияда жазылган эмес, сөзсүз билиш керек деген шарт жок. Бирок гимнди жатка билип коюу ар бир адамдын өзү үчүн жакшы нерсе. Бул салтанаттуу, расмий жерде ырдала турган ыр да, ошол жерде музыкасына кошулуп, ыргак менен ырдап кетсе болот. Ал эми бардык эле адамдан, депутат болобу, ырчылардын өзүнөн болобу күтүлбөгөн жерден сурасаң сөзүн таппай калышы мүмкүн. Гимнди жатка билген адамды акылдуу, сөзүн таппай калса акылсыз деп коюу туура эмес", - деди Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Алтынбек Сулайманов, журналист Турат Акимов, гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев, жарандык активисттер Аманбол Бабакулов, Айбек Мырза, Замирбек Көчөрбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан