Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев телеканалдардын бирине маек берип жатып, гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдаган. Мындан улам депутат коомчулуктун сынына кабылды. Эл өкүлү журналисттерге гимнди ырдап бергенине өкүнүп жатканын билдирген. SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин депутатынын мамлекеттин символикасы болгон гимнди билбегени эмнени билдирет?" деген соболуна жарандык активист Аманбол Бабакулов жооп берди.
Ал гимнди маскаралап ырдаган депутатты сотко бербей калышканын айтты.
"Депутат кыргыз элинен кечирим сураганы үчүн сотко бербей турган болдук. Биз депутат гимнди 10 күндүн ичинде жаттап, коомдук телеберүү аркылуу түз эфирде ырдап беришин талап кылабыз. Ал эми жеке пикирим боюнча Жогорку Кеңештин депутаты гимнди билбегени уят көрүнүш. Ал эмес, менин бала бакчага барган 5 жаштагы балам гимнди жакшы ырдайт. Бала бакчаларда балдар гимнди жатташат. Гимн биз үчүн сыймык болуш керек. Биздин спортчулар жеңишке жеткенде гимндин жаңырышы сыймык", - дейт Бабакулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Алтынбек Сулайманов, Тазабек Икрамов, Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев, журналист Турат Акимов, жарандык активисттер Айбек Мырза, Замирбек Көчөрбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.