Жарандык активист Айбек Мырза: "Өз гимниңди билбей калуу – акмакчылык"

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев телеканалдардын бирине маек берип жатып, гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдаган. Мындан улам депутат коомчулуктун сынына кабылды. Эл өкүлү журналисттерге гимнди ырдап бергенине өкүнүп жатканын билдирген. SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин депутатынын мамлекеттин символикасы болгон гимнди билбегени эмнени билдирет?" деген соболуна жарандык активист Айбек Мырза жооп берди.

Айбек Мырза белгилегендей, ар бир жаран гимнди милдеттүү түрдө жатка билүүсү шарт.

"Өз гимниңди билбөө – акмакчылык. Эл өкүлү болгондон кийин гимнди милдеттүү түрдө билиш керек. Депутаттын гимнди билбегендиги эл аралык деңгээлде уят боло турган көрүнүш. Учурда Жогорку Кеңешке мекенчил сезими жок, улутка күйбөгөн жалаң эле бизнесмендер, акчалуулар келип алды. Алар буга чейин элдин көйгөйүн көтөрбөй, эл менен мамиле кылган эмес, өз кызыкчылыктарын коргоо максатында келип алышты.

Гимнди билүү ар бир жарандын милдети, гимнди билүү менен биз мекенге болгон сезимди далилдей алабыз. Бардык нерсе мекенди сүйүүдөн башталат, ар бир катардагы жарандан тартып мамлекеттик жетекчилерге чейин гимнди билиши керек. Ата-бабалардын тарыхы, тилеги, үмүтү бардыгы гимнде жазылып турбайбы, ошол себептен билүү милдет. Ушуну менен эле өлкөнү сүйөрүбүздү далилдеп коёбуз деп да айта албайм, бирок кандайдыр бир деңгээлде гимнди билүү милдет", - деди Айбек Мырза.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Алтынбек Сулайманов, Тазабек Икрамов, журналист Турат Акимов, гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев, жарандык активисттер Аманбол Бабакулов, Замирбек Көчөрбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан