КҮНСЕРЕП: Эль-Класико болбой калды. Казак улакчыларын кыргыздарга жеткирбей Өзбектер үйүнө жөнөттү

Бүгүн, 6-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурунку баш прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти карай баштады. 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү 42 жаштагы Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Фактынын негизинде “киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон эле.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөөнү ИИМ жүргүзүп, кийин 10-августта Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлгөн. Улан Саляновдун өлүмүнө үч адам шектелип, алардын экөө кармалган. Ал эми бир адам эл аралык издөөдө. Кармалгандардын бири – 30 жаштагы Э.О. аттуу Кыргыз жараны. Ал 2017-жылдын декабрында Бишкектен кармалган. Шектүү буга чейин каракчылыкта, уурдоодо, тоноодо жана бейбаштыкта айыпталып, 4 жолу соттолгон. Ал учурда УКМКнын СИЗОсунда кармалууда. Шектүү катары кармалгандардын экинчиси – 35 жаштагы А.А. аттуу Токмок шаарынын тургуну. Ал ушул жылдын январында Москва шаарынан кармалып, кийин Кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген. Шектүү буга чейин бир нече ирет соттолуп, анын кылмыштарынын ичинде “киши өлтүрүү” беренеси да бар. Ал эми эл аралык издөө жарыяланган үчүнчү шектүү Орусиянын жараны.

Бүгүнкү соттук отурумга келген Аида Салянова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып аталган кылмыш ишинде саясий буюртманын белгилери бар экенин айтып өттү. "Мен кылмыш ишинин ар бир барагы менен таанышып, изилдеп, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн окуп чыктым. Бул документтерге таянсам, анда "саясий буюртманын" белгилери бар. Бул киши өлтүрүү алгач мага карата даярдалып, бирок ортодо план өзгөрүп кеткен деп ойлоп жатабыз, ошондон улам, мени өлтүрүү планы аягына чыкпай калгандыр”, - деди Салянова. Анын айтымында, инисин өлтүргөн адамга атайын буюртма берилип, бул кызматы үчүн анын 2017-жылдын августунда ачылган кылмыш иши жабылары убадаланган. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Рабига Сыдыкова да журналисттерге Саляновду жок кылууга кызматтагы таасирдүү адамдар буюртма берген деген маалымат бар экенин айтты. Экс-депутаттын бүгүнкү билдирүүсүнө карата соттук отурумдардын жүрүшүндө далил келтирилери азырынча белгисиз.

Улан Саляновдун өлүмүнөн кийин Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы окуяны Салянованын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштырып, "саясий негиз бар" деп билдирүү жасаган. Окуядан кийин парламентте маалымат берген ИИМдин өкүлү тергөө иштери аягына чыкпай туруп эле “бул кылмышта саясат жок” деп айткан. ИИМдин жабырлануучулардан, анын ичинде Саляновадан мурун эле “саясат жок” деп коңгуроо какканы окуяда саясий мотив бар болушу мүмкүн деген шекти ого бетер күчөткөн болчу. Ал эми ИИМдин кызматкерлериСаляновду карактоо максатында өлтүрүп кеткен” дешип, негизги жүйө катары акча маселесин көрсөтүшкөн. Маалыматтарга караганда, ал өлүмүнө чейин унаа оңдоп, кайра сатып, үй-бүлөсүн багып келген. Окуя болгон күнү Саляновдун үйүнөн акча же баалуу буюм уурдалган эмес.

Бүгүнкү экс-депутаттын журналисттерге айткан сөзү жаңы жагдайды жаратышы ыктымал. Эгерде бул иш пландалып, түпкү максаты Аида Салянованын көзүн тазалоо болсо, анда бул жоромол ансыз да тээ башынан көп болгон суроолордун санын арбытат...

"Эль-Класико" болбой калды. Тагыраагы, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрүнүн финалында Кыргыз курамасы мурдатан лидерликти талашып келген Казакстан менен эмес, Өзбекстан менен беттешет. Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта Кыргыз-Москва командалары ат салышып, үй ээлери 23:6 эсебинде ири жеңишке жетишти. Ал эми азыр эле аяктаган Казакстан-Өзбекстан беттешинде Өзбек командасы 5:4 эсебинде ийгиликке жетип, финалга чыкты...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан