Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов кызматтан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Рыскулов ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.
Ал аталган кызматка 2017-жылдын август айында дайындалган.