Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев акыйкатчы кызматына талапкерлигин көрсөттү

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев акыйкатчы кызматына талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда SUPER.KG порталына "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Баатырбековдун айтымында, аталган кызматка талапкерлигин көрсөтүү үчүн 5 адам документин тапшырган. "Бул кызматка бир фракция 3 талапкер сунуштаса болот. Учурда 5 адам документтерин тапшырышты. Алар Молдакун Абдылдаев, Рита Карасартова, Канат Тургунбеков жана эки талапкер бар болчу кимдер экени эсимде жок. Келе жаткан аптада фракциянын депутаттары чогулуп, бул маселе каралышы мүмкүн. Азырынча талапкерлер боюнча кеңешүү өткөрө элекпиз", - деди Баатырбеков.

Молдакун Абдылдаев 2014-жылдан 2018-жылга чейин президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген.

"Ата Мекен" фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди көрсөтө турганы белгилүү болгон.

Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Анын арызын Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан