КҮНСЕРЕП: Түрк элчисинин сөзү жокко чыгарылбады. Бул эмнени түшүндүрөт?

Бүгүн, 11-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Эл аралык "Себат" лицейлери боюнча Билим берүү жана илим министрлиги билдирүү жасады. Анда лицей "Маариф" фондуна өткөрүлүп берилбейт деген так жооп айтылган жок. Кечээ Түркиянын Кыргыздагы элчиси Женгиз Камил Фырат: "Себат" лицейлеринин имараттары Түркиянын салык төлөөчүлөрүнүн эсебинен курулган, аларды "Маарифтин" башкаруусуна өткөрүү аракети жүрүп жатат", - деп жарыялаган. Президент Эрдогандын "Хизмет" кыймылынын лидери Фетхуллах Гүленге каршы чабуулу Кыргызда кантип аяктай турганы кызыгууну күчөтүп турган убак.

"Хизмет" - түрк дин аалымы Гүлендин идеясына негизделген кыймыл. Дүйнөнүн 160 өлкөсүндө "Хизметке" таандык окуу жайлары, уюмдар, ЖМКлар бар. Кыргызда "Себат" лицейлер тармагы, "Silk roud" мектептери, "Ататүрк Ала-Тоо" университети бул кыймылга тийиштүү экени айтылып жүрөт. "Хизмет" 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда "террористтик" деп табылган. Расмий Анкара башка өлкөлөрдү да Гүлендин кыймылына кооптонуу менен мамиле кылууга, анын мектептерин жабууга чакырып келет.

"Маариф" фонду - Түркия өкмөтү тарабынан 2016-жылы негизделген. Фонд Түркияда жана чет өлкөлөрдө бала бакча, мектеп жана университеттерди ачуу менен алектенет деген план айтылган. Акыркы 2 жылда 21 өлкөдө өз мектептерин ачууга жетишкен. Бул фонд Гүленге таандык мектептерди тартып алганы айтылып жүрөт. Буга чейин түркиялык ЖМКлар "Маариф" фонду Мали, Тунис, Сенегал өӊдүү өлкөлөрдө Гүленчилердин "Себаттын" 70тен ашык мектебин тартып алганын жазып чыгышкан.

2015-жылы Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Гүленге таандык түрк лицейлеринин ишин чектөөнү айтып Казакстан, Тажикстан, Япония баштаган 8 өлкөгө кайрылганын Түркиянын "Daily Sabah" гезити жазып чыккан. Ушундан кийин Тажикстан тажик-түрк лицейлерин башкарган "Шалола" компаниясы менен келишимди узартуудан баш тартып, бардык түрк лицейлери "Тубаса таланттуу балдар үчүн лицей" деген ат менен кайра түзүлгөн. Тажик өкмөтү лицей имараттары жана техникалык жабдуулары өз ордунда каларын, жаӊы түзүлгөн лицейлер "мамлекеттик" деп аталганы менен мурдагыдай эле өз алдынча чарба жүргүзгөн мекеме катары ишин улантарын жарыялаган. Ал эми Өзбекстан 1999-жылы эле бардык түрк лицейлерин жапкан. 2016-жылы Түркиядагы аскердик төӊкөрүш аракетине президент Эрдоган учурда АКШда жашаган дин аалымы Фетхуллах Гүленди айыптады. Бул окуядан кийин Түркия "Себат" лицейлерин жабууну сунуштап, Кыргыз тарап баш тарткан. Бирок "Себаттын" аты "Сапат" деп өзгөртүлүп, лицейди түзүүчүлөр курамына Билим берүү министрлиги киргизилди. Аталган лицейлерди өзгөртүү адаты 2016-жылы Казакстанга да жетип, аталышы "Билим инновация лицейи" деп өзгөртүлгөн. Казакстанда Гүленге таандык делген 27 лицей иштейт. Түркиялык ЖМКлар Гүленчилер Кыргыздын бийлик бутактарына кирип кеткенин жазып жатышат. Ачык булактардагы маалыматка таянсак, Кыргыздын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов, президенттик аппараттын протокол секторунун мурдагы жетекчиси Мар Топоев "Себаттын" бүтүрүүчүлөрү. Эксперттер бийлик "Себатты" жаап салбашы керек, аны "Маарифке" өткөрүп берип салуу тартып алуучулук болуп калат, жаап салчу болсо 10 миңдеген окуучу көчөдө калып, мектептерде коллапс жаралат дешүүдө. Бүгүн парламент комитетинин жыйынына билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева катышары күтүлүп жаткан, бирок келген жок. Депутаттар "Себат" боюнча суроолорун бере албай калышты. Кечээ Түрк элчиси "Себатты" башкаруу "Маарифке" өтөт деп жарыяласа, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Илим жана билим берүү министринин комитеттин алдынан президентке киргени эле ойлонууга түртөт. Президенттин пресс-кызматы тараткан маалыматта өлкө жетекчиси менен министр мектеп жетишсиздигин, билим берүүнүн сапатын көтөрүүнү талкуулашканы айтылат. Жээнбеков азыркы тапта айрыкча мектеп жетишсиздиги катуу талкуу болууда дейт. Эки аптадан бери талкуудан түшпөй жаткан "Себат", "Маариф" темалары жөнүндө бул жолугушууда сөз болгон жокпу? Болсо анын коомчулукка жарыяланбаганы кызык...

Казакстандын Улуттук спорт федерациясынын президенти Бекболот Тилеухандын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу пикири талкууга түштү. Казак эли Чолпон-Атада көк бөрү оюнунда Казак курамасынын финалга жетпей өзбектерге жеңилип калганына катуу нааразы болуп, кескин сындай башташканынан чиновник жооп берүүгө аргасыз болгон. Ал "Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Азия чемпиондугу же Дүйнө чемпиондугу эмес, болгону бир фестиваль. Буга биз улуттук кураманы эмес, жаштар командасын жибердик. Алар да бышсын, тажрыйбасын өстүрсүн", - деди.

Казак чиновнигинин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата берген мындай текебер баасы социалдык тармактардагы Кыргыз менен Казак колдонуучулары арасында сынды ого бетер күчөттү. Чиновник Дүйнөлүк же Азия чемпиондугу болбогон соң деп Көчмөндөр оюндарынын маанисин түшүрүүгө аракет кылгандыр, бирок көк бөрүнү кыргыз менен казактан башка ким майына чыгарып ойнойт? Силердин көк бөрүңөрдү ойнобойбуз, көкпарды жайылтабыз деген тирешүүбү? Көк бөрү менен көкпардын ортосундагы талашта орток пикир таап, оюнду бирге даӊазаламайын аны дүйнөгө жайылтуу кыйын. Дүйнөлүк чемпиондук уюштурабыз деген күндө деле өзөгүн ошол эки улут түзгөн турбайбы? Казакстандын федерациясы "тажрыйба топтоп келишсин" деп жаш улакчыларын жиберип отурган маалда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү кезегин Түркия алып кетти. Кыргызда, Ысык-Көлдүн жээгинен старт алган бул оюндар эстафетасы Европа менен Азия кезигишкен өлкөнү көздөй кетти...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан