Жогорку Кеңеш кезектеги сессиянын биринчи жалпы жыйынын баштады. Алгач төрага Дастанбек Жумабеков эл өкүлдөрү менен саламдашып, отурумга ийгилик каалады.
Жыйындын башында депутат Алмамбет Шыкмаматов сентябрь айында каралчу мыйзам долбоорлорунун катарына мунапыс мыйзамын өзгөртүү демилгесин да киргизүүнү сунуштап, ал демилге колдоого алынды. Ошентип сентябрь айынын календарлык планы сунуш-пикирлер менен бекитилди.
Жыйынга жүздөн ашык депутат катышты. Анда “Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.
Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын алгачкы жалпы жыйыны болуп өтүп, мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жиберилди.
Жогорку Кеңеш кезектеги сессиянын биринчи жалпы жыйынын баштады
Депутаттар экстремизм маселесин талкуулашты