Депутат Искендер Матраимов: "Ар бир мекемеде коррупцияга каршы бөлүмдөр бар, бирок президентке маалымат жетиши кыйын"

Үч жылдан бери Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын басма сөз катчысы болуп иштеп жүргөн Анара Мамбеталиева мамлекеттик кызматка кайтып келбес беренеси менен иштен айдалган. Ал коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кеткенин билдирген. Буга чейин ал инспекциядагы көйгөйлөр боюнча жетекчиликке кайрылганын айткан. Анын сунуштарына көңүл бурулбагандыктан 11-июлда плакат көтөрүп алып, кесиптештерин таза иштөөгө чакырган. Аталган мекеменин директорунун орун басары Расул Артыкбаев маалымат катчы нааразычылык акциясын өткөргөндүгү үчүн жумуштан алынганын билдирген. Мындан улам ал президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасаган. Президент маалымат катчы айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган. Бүгүн, 12-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында Экологиялык жана техникалык инспекциясында мыйзам бузуулар болгондугу аныкталганын айтты.

SUPER.KG порталынын "Президентке мамлекеттик мекемелердеги коррупция тууралуу маалыматты "ортомчуларсыз" кантип жеткирүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жооп берди.

Анын пикиринде, Кыргыз өлкөсүндө коррупциялык фактылар боюнча президентке каалагандай жеткирсе болот. "Коррупция боюнча интернет аркылуубу, кат аркылуубу же көчөдө кыйкырыппы, айырмасы жок. Маалыматтар президентке түздөн-түз жетип жатат. Мисалы, Экотехинспекциянын жана “Темир жолу” ишканасынын кызматкерлеринин кайрылуулары ачык жетти. Булардын бардыгына Коопсуздук кеңешинин катчысы көңүл буруп жатат. Биздегидей ачыктык дүйнө жүзүндө эч жерде болбосо керек. Өлкөдөгү ар бир мекеменин өзүндө коррупция менен күрөшүү боюнча өзүнчө орган бар. Алар иштеп жатышат, бирок президентке маалымат жетиши кыйын", - деди Матраимов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Мамытов, Мирлан Жээнчороев, Зарылбек Рысалиев, журналист Нарын Айып жана Экотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан