Токон Мамытов: "Акыйкатчы кызматына талапкер болуу үчүн эч бир жерге документ берген эмесмин, чакырса барам”

“Мени акыйкатчы бол деп эч ким чакырган жок, эч бир жерге документ да берген жокмун”. Мындай пикирин экс-вице-премьер-министр Токон Мамытов SUPER.KG порталына билдирди.

Айрым ЖМКлар Токон Мамытов акыйкатчы кызматына баруу үчүн бардык документтерин КСДП фракциясына өткөрүп бергендиги тууралуу жазышууда.

“Мен деле бул тууралуу журналисттерден угуп жатам. Менден документ дагы эч ким сураган жок, өзүм да эч бир жерге арыз документ да алып барган жокмун. Жогорку Кеңеште, балким, мен жөнүндө оозеки сөз болгондур. Бирок "акыйкатчынын кызмат ордуна талапкерлигиңди сунуш кыл" деп чакырыша элек. Эгер, чакырса барам”, - деди Мамытов.

Токон Мамытов буга чейин ушул багыттагы маалыматтарды төгүнгө чыгарарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан