Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун: "Бүгүнкү күндө укугу бузулган жарандардын үнүн Акыйкатчы айтпай эле коомдук уюмдар, укук коргоочулар айтып калышты"

Акыйкатчы ким болот? Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет. Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаарын айткан. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев да акыйкатчылыкка талапкерлигин көрсөттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болууга кайсы коомдук ишмер татыктуу деп ойлойсуз?" деген соболуна мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун пикири төмөндөгүдөй болду.

Турсунбек Акундун айтымында, Акыйкатчы институту адам укугу бузулган жерде коңгуроону кагып турушу керек.

"Акыйкатчылыкка мен да талапкер катары катышып жатам. Өзүм катышып жатып "мен татыктуу же тигилер татыксыз" дегеним туура эмес болуп калат. Жеке өзүм талапкерлигимди койбогонумда эркин айта бермекмин. Өзүмдүн талапкерлигиме кайрыла турган болсом, ар ким өзүн татыктуумун деп эсептейт. Бирок маселени депутаттар чечет да. Биз азыр КСДП фракциясына документтерди тапшырдык. Онго жакын адам тапшырды окшойт. Алар эртең үчөөнүн талапкерлигин калтырат.

Мен эки парламенттин учурунда акыйкатчы болуп шайлангам, эки жолу шайланган адамды татыксыз деп айтканга болбойт. Эки жолу акыйкатчылыкка талапкерлигимди коюп, өткөм, ошол адам үчүнчүсүндө деле болуп калышы мүмкүн деген ойдо коюп жатам. Мурдагы дүркүрөп турган Акыйкатчы институту азыр жок болуп кеткен сыяктуу көрүнүп турат, ошон үчүн күйүп жатам. Акыйкатчынын бир эле максаты бар - ал адам укугу тебеленген учурда коңгуроону уруп туруш керек. Бүгүнкү күндө укугу бузулган жарандардын үнүн Акыйкатчы институту айтпай эле коомдук уюмдар, укук коргоочулар айтып калышты", - деди Турсунбек Акун.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активисттер Мавлян Аскарбеков, Аманбол Бабакулов, журналист Элнура Алканованын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан