Акыйкатчы ким болот? Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет. Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаарын айткан. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев да акыйкатчылыкка талапкерлигин көрсөттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болууга кайсы коомдук ишмер татыктуу деп ойлойсуз?" деген соболуна Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов өз пикирин билдирди.
Аматов Акыйкатчы институту акыркы жылдары алгылыктуу иш жасабаганын айтып, бул кызматка Канатбек Азиздин талапкерлигин колдой турганын айтты.
"Акыркы жылдары жеке эле мага көптөгөн жарандар кайрылып келишет. Алар негизинен соттор жана прокуратура кызматкерлери тарабынан укуктары тебеленип жатканын айтышат. Мындан сырткары, турак-жай алууда укуктары корголбогондор көп. Мунун баары өлкөдөгү Акыйкатчы институтунун адам укуктарын коргоодо чабал экендигин көрсөтүп турат. Аталган институт укугу тебеленгендердин үнүн жеткире алышпайт жана алардын көйгөйлөрүн оң жагына чече албай келүүдө.
Мына ушул көйгөйлөрдү карап отуруп, Акыйкатчылыкка Канатбек Азиздин талапкерлигин колдойт элем. Аны сунуштагандан бери элде дагы позитивдүү маанай калыптанды десем болот. Канатбек мырзанын билими, тажрыйбасы бар. Чындыкты дагы айта алат. Коомчулук да колдоп жатат. Анын буга чейинки юрист катары ишмердүүлүгүн мисалга алсак, саясий куугунтуктоо күч болуп жаткан учурда да, бийлик тарабынан басым жасалып жатса да, тайманбастан, айрым укук бузууларды айтып турду. Мисалы, президенттик шайлоонун өтөр күнүн жылдырууга бийликти аргасыз кылды. Акыйкатчы болуу үчүн эң башкысы тайманбас болуп, укук бузуулар болуп жатса бетке айтып иш алып барыш керек. Канатбек мырзада бул сапаттар бар. Учурда элдеги болуп жаткан муктаждыктарды эске алып, бул талапкерди депутаттар колдойт деп үмүт кылам”, - деди Аматов.
Мурдагы акыйкатчылар Кубат Оторбаев, Турсунбек Акун, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активисттер Мавлян Аскарбеков, Аманбол Бабакулов, журналист Элнура Алканованын пикири бул шилтемеде.