Акыйкатчы ким болот? Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет. Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаарын айткан. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев да акыйкатчылыкка талапкерлигин көрсөттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болууга кайсы коомдук ишмер татыктуу деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева жооп берди.
Сасыкбаева акыйкатчылык кызматка кимдер татыктуу экенин айтып берди.
“Акыйкатчы боло турган адам эң оболу адам укугун баалаган адам болушу керек. Анан да адам укугун коргоо мамлекеттин эң башкы маселеси дегенди түшүнүүсү шарт. Эгер мамлекет өз жарандарынын укугун коргой албаса, анда өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошула албайбыз. Азыркы учурда акыйкатчынын кызмат орду аябай актуалдуу тема болууда. Талапкерлер көп, бул кызматты аркалай алганы деле, албаганы деле аталган кызматка сунушталууда. Көп адам акыйкатчынын милдетин жөн гана кызмат деп түшүнүшөт. Бул кызмат эмес, күрөш.
Бул кызматка бара турган адам биринчи кезекте адамдын укугун баалаган жана коргой билген, эл аны тааныган, ишеним арткан адам болушу керек. Учурда бул кызматка татыктуу адамдар жок эмес. Мен бул кызматка Канатбек Азизди татыктуу адам катары көрө алам. Ал 2 жылдан бери жарандардын укугун коргоодо көп иштерди жасап, элге тааныла алды. Ал өз ишмердүүлүгүндө саясий туткундардын укугун коргоп, өзүнүн юридикалык билимине таянып келди. Анын духу күчтүү, жаш. Өз ишин мыкты билет. Канатбек Азизден башка Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Нурбек Токтакунов, Азиза Абдрасулова дагы бул кызматка татыктуу”, - деди Сасыкбаева.
Мурдагы акыйкатчылар Кубат Оторбаев, Турсунбек Акун, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активисттер Мавлян Аскарбеков, Аманбол Бабакулов, журналист Элнура Алканованын пикири бул шилтемеде.