Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгаруу боюнча партиянын сунушун парламенттеги КСДП фракциясы качан карай турганы белгисиз. Фракция лидери Иса Өмүркулов бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
КСДП бүгүнкү жыйынында акыйкатчы кызматына талапкер көрсөтүү маселесин карады.
29-августта Кожобек Рыспаев КСДПнын тизмесинен чыгарылган. Рыспаев өзүнүн партиядан чыгарылганына анын мүчөлөрүн колдобой койгону себеп болду деген оюн айткан.