Бүгүн, 14-сентябрда КСДПнын жыйынында депутат Мухтарбек Айнакулов "Фарид Ниязов көзүн кысып, мындай болот дегенде баары колдоп берчү эле" деп айткан.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов SUPER.KG порталына бул боюнча пикирин билдирди.
"Депутаттарга команда берүү менин тажрыйбамда болгон эмес. Менин пикир алмашуу стилим башкача. Кээ бир маселелерди талкуулачубуз, талаш-тартыштар жаралчу", - дейт Ниязов.