Бүгүн, 14-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
КСДП бүгүн фракциялык жыйынында Токон Мамытовду жалгыз талапкер катары акыйкатчылыкка көрсөттү. Аталган фракцияга 8 талапкер акыйкатчылыкка баргысы келерин билдирип, документин жөнөткөн. Бирок алардын ичинен документин жөнөтпөгөн, кызматка барам деп өзү суранбаган, жок дегенде эки барак кылып программасын жазып берүүгө жарабаган Токон Мамытов тандалып алынды. Кечээ ал SUPER.KG’ге КСДП тарабынан акыйкатчылыкка талапкер катары көрсөтүлөрүн төгүндөп, эч бир жерге документтерин да тапшырбаганын айткан. Бүгүн КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов талкууга түшкөн документтер убагында тапшырылганын билдирди.
Фракциялык жыйын учурунда бардык эле депутаттар Токон Мамытовдун КСДП тарабынан акыйкатчылыкка талапкер катары көрсөтүлүшүнө макул болгон жок. Алар Мамытовдун иш тажрыйбасы акыйкатчылыкка дал келбестигин, пенсиялык куракка келип калганын, жаңы кызматка дайындалуу алдында программасы жоктугун көп айтышып, атүгүл айрым депутаттарда талапкер президенттик аппарат тарабынан таңууланып жаткан жокпу дегендей суроо жаралды. Баарын четинен баштасак.
Депутат Мухтарбек Айнакулов Мамытов мурда УКМКда иштегендиктен эл аралык институттар тарабынан суроолор жаралышы мүмкүн деген пикирин айтты. Ал Мамытовдун пенсияга чыгуу убактысы келип калганын да эске салды. Андан ары эл өкүлү "Бир фракция болгондон кийин бир команда болушубуз керек. Мурда өзүңүздөр билгендей, Фарид (ред. президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов) келип, көзүн кысып, мындай болот дегенде баары колдоп берчү эле. Биз бир добуштан бул кызматка Кубат Оторбаевди тандап бергенбиз. Азыр ошондой болуп жаткан жокпу?" деп сурады. Буга фракция лидери Иса Өмүркулов "Андай болгон жок" деп жооп кайтарды. Ал эми президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов SUPER.KG порталына бул тууралуу "Депутаттарга команда берүү менин тажрыйбамда болгон эмес" деди.
Эл өкүлү Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында Токон Мамытов менен бир фракцияда болгондугуна таянып, кызыктуу жагдайларга токтолду. Адегенде Рыспаев Мамытовду бактылуу жана жолдуу киши экендигин, кызматтан четте кала электигин айтып, ошол эле учурда программасы жок экенин баса белгилеп, "Ата Мекендеги" атаандашы болуп жаткан Канатбек Азиздин программасын мактай кетти. Бирок Кожобек Рыспаев айрым пикирлери бар экендигине карабастан, алсыз экендигин да жашырган жок. "Мен фракциялаш кесиптештеримдин оюнан чыкпайм. Колдоп берели. Сөз жок", - деди ал.
Жогоруда Айнакулов, кийин Рыспаев, андан ары Рыскелди Момбеков жана Дастан Бекешев Токон Мамытовдун пенсиялык куракка келип калганын жүйө кылып жатышты. Алар талапкердин 64 жашта экендигин, мыйзам боюнча акыйкатчы 65 жашка чейинки куракта болушу керектигин белгилешти. "Эмне, 3 айдан кийин дагы акыйкатчы шайлайбызбы?” деп суроо салышты. Буга Иса Өмүркулов Мамытов 65 жашка чыга элек деп, талапкерди тандоодо анын тажрыйбалуулугу жана юридикалык билими каралганы менен жооп кайтарды.
Токон Мамытов ушул жылдын 18-декабрында, тагыраагы, 3 айдан кийин эле 65 жашка толот. Ал педагогикалык институтту аяктап, 1981-жылдан 2005-жылга чейин улуттук коопсуздук, коргоо тармагында катардагы кызматкерден тартып жетекчиликке чейинки тепкичтеринде кызмат өтөгөн. Иш таржымалынан президенттик администрацияда кеңешчи, Чек ара кызматында төрага, Жогорку Кеңештин депутаты, губернатор, вице-премьер, "Кыргызалтын" ААКсынын төрагасы болгонун көрүүгө болот. Учурда деле бош эмес, азыр Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы. Программасы жок экенине карабай кечээ Токон Мамытов "акыйкатчылык кызматка чакырышса барам" деген.
КСДПнын бүгүнкү фракциялык жыйыны эмнеден кабар берет? Кызматка келүүгө эч ынтызарлыгы жок адамды деле "оркойгон кемчилигин көрүп турсам да, силер колдош керек дегениңер үчүн колдоюн" деген депутаттардын мамилеси өзгөрө электиги байкалды. Аталган фракциянын, жалпы Жогорку Кеңештин айрым "кол көтөргүч" же "кнопка баскыч" депутаттары коомчулук тарабынан катуу сынга алынганына карабай, ошондон жыйынтык чыкпай келет. Башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовду, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттү шайлоодо депутаттар ашыкча суроо бербей добуш берүүгө шашышкан. Кийин ушундай эле окуя шаардык кеңештердин деңгээлинде кайталанып, Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери депутаттар тарабынан суроо-сопкуту жок өттү. Ал эми жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн наарызычылыгына кайдыгер мамиле жасалды. Эми ушул эле көрүнүш акыйкатчыны тандоодо кайталанганы жатат.
Бийлик башындагылар алмашты, бирок эмне өзгөрдү? Катачылыктар кайталанып жатканына караганда, эч бир өзгөрүү деле боло электей...
Кафетерий үчүн муз талкалоочу жабдык 97 миң сом, кофе кайнаткыч машина 140 миң сом. Булардын катарында ат байлоочу мамы же башка нерсе экендиги түшүнүксүз таяктардан турган композициядагы ар бир таяктын баасы 600 доллардан, келбети эшекти көбүрөөк элестеткен темир аттын 1 даанасы 25 миң доллар... Тийиштүү министрлик жана өкмөт тарабынан бекитилген концепциясы, техникалык-экономикалык негиздемеси жок миллиарддаган сом бөлүнүп башталып кеткен Мамлекеттик тарых музейин жаңылоо иши бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы тарабынан каралды.
Эки айдан ашуун убакытка созулган жайкы эс алуудан келген Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы бүгүнкү жыйынында акыркы күндөрү коомчулукта сөз болуп жаткан чуулгандуу иштер, Мамлекеттик тарых музейин жаңылоо, "Белизгейт" окуялары тууралуу мамлекеттик тийиштүү органдардын өкүлдөрүн чакырып, маалымат угушту. Башкы прокуратура, УКМК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик курулуш башкармалыгы, Маданият министрлиги жана Мамлекеттик тарых музейинин жетекчилигинин катышуусунда өтүп, бир нече саатка созулган бул фракциялык жыйында бир нече негизги маселе оркоюп көрүндү.
Биринчиси, мамлекетте иштер акыркы жылдары талап кылынган мыйзамдар, тартип, жоболор менен эмес, жогору жактан тапшырма берүү менен жүргүзүлүп калганы. Мисалы, Мамлекеттик тарых музейин жаңылоо кудум Бишкек жылуулук электр борборундагыдай техникалык-экономикалык негиздемеси жок эле башталып кеткен. Ал эле эмес, бул ишти аткаруучу компания чагылгандай тездикте, биринчи күнү тендер өткөрүүчү мекемелер аралык комиссия куралса, эртеси тендер өткөрүлүп, ишти аткаруучу компания тандалып калган. Тандоодон ылдам өткөн СМУ-3 компаниясы мамлекеттик мекеме менен ишти аткаруу боюнча келишим түзүлбөй туруп, акча каражаты бөлүнсүн деген чечим да чыга электе музейге керектүү жабдууларды алып келүү боюнча немис компаниясы менен 8 миллион 890 миң еврого келишим түзгөн.
Экинчиси, музейдин айланасына төшөлгөн бир нече кылым сактала турган баалуу гранит жана мрамор таштары эмнегедир сыйрып салынып, ордуна сапаты начар, баасы арзан курулуш каражаттары коюлган. Ал эми 14 миң чарчы метрлик бул таштардын дайыны жок. Кайсы бир бөлүгү Онкологиялык борбордун курулушуна, дагы бир бөлүгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине берилгени, дагы кайсы бир бөлүгү СМУ-3 компаниясынын кампасында сакталуу турган болушу мүмкүндүгү айтылды. Депутаттарды мамлекеттик музейден сыйрылып алынган баалуу таштар эмне үчүн жеке компаниянын кампасында сакталып жатканы, эмне үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлүп алынбагандыгы кызыктырды.
Дагы көзгө оркоюп көрүнгөн маселе Маданият министрлигине караштуу музейди жаңылоо иши өкмөт тарабынан эмес, президенттик аппарат тарабынан көзөмөлгө алынып, концепцияны бекитип берүү өңдүү иштер ошол тараптан бекитилгени болду. Жооп бермекчи болуп келген тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү суроолорду бир органдан экинчисине багыттап, толук картинаны көрсөтүп, айтып берчү адам болгон жок.
Миллиардды чапчыган долбоорду аткарууну колго алган СМУ-3 компаниясы укук коргоо органдарынын тыкыр изилдөөсүнөн өтүшү керек болгон ишкана экендиги өзгөчө басым менен белгиленип жатты. Акыркы жылдары мамлекет буюртма берип жасаткан ири долбоорлордун көпчүлүгүн ушул компания ишке ашырган. Алардын катарында Мамлекеттик тарых музейин жаңылоо, Чолпон-Атадагы ипподромду жаңылоо, Бишкектеги жаңы конуштардын бирине мектеп куруу, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине үй куруу өңдүү ири долбоорлор бар. Жыйынтыгында Мамлекеттик тарых музейин жаңылоого бир жарым миллиард сом бөлүнүп, 118 миллион сом зыян келтирилгени айтылып, фракция тарабынан бул иштин фигуранттарын тез арада аныктап, тергөө башталганга чейин өлкөдөн чыгып кетүүлөрүнө бөгөт коюу, дегеле бул ишти тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасы коюлду...
"Ата Мекен" фракциясы өз жыйынында көтөргөн дагы бир маселе "күндүн сенсациясы" деген аталышка татыктуу. Бул 2 жыл мурда пайда болгон, тагыраагы, "пайда болду" делген документтердин жок экендиги.
Учурунда УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев Белиз мамлекетинен "Ата Мекенчи" депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов "Мегакомду" орусиялык компанияга сатууга көмөк көрсөтүп, пайда тапмак болушканын далилдей турган документтер келди деп ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кирген эле. Абдил Сегизбаев бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке да келип маалымат берген. Ал эми бүгүнкү жыйында УКМКнын өкүлү "Комиссия түзүп иликтедик, ал кезде айтылган маалыматтар далилденген жок, Белизден бизге жогорудагы 3 депутаттын айыбын аныктоочу документтер келип түшпөптүр" деп маалымат берди.
Жогорку Кеңештеги бул жыйындан соң УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев SUPER.KG порталына байланышып, жогоруда сөз болгон документтер бар болгонун, ошол документтер Текебаевди соттоого жол ачканын айтты.
Ошентип бар нерсе жок болуп кеткен болсо, анда УКМКнын азыркы жетекчиси жоопко тартылышы мүмкүн. А эгерде жок нерсени "бар" кылдырган болсо, анда УКМКнын мурдагы жетекчиси жоопко тартылышы керек. Кеп кезеги президентте...