Бүгүн, 17-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев 62 жашка толду. Ал 1956-жылы Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган. Алмазбек Атамбаев мектепти аяктаган соң Москва башкаруу институтуна тапшырып, 1980-жылы инженер-экономист адистигине ээ болуп чыккан.
Алмазбек Атамбаев эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлигинде инженер болуп иштөө менен баштаган.
1981-1983-жылдары №4-ЖЭБде башкы инженер;
1983-1987-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунда ар кандай кызматтарда иштеген.
1987-1989-жылдары Биринчи Май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары;
1989-1997-жылдары болсо “Форум” илимий-өндүрүштүк фирмасынын директору;
1995–2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;
1997-1999-жылдары “Кыргызавтомаш” АКсынын башкы директору;
1999-2004-жылдары – “Форум” өнөр жай тобунун директорлор кеңешинин төрагасы;
2004-2005-жылдары “Кыргызавтомаш” корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы;
2005-2006-жылдары экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу, министр;
2006-2007-жылдары премьер-министр;
2007-2010-жылга чейин активдүү коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенген.
2010-жылдын апрель-июнь айларында Убактылуу өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары;
2010-жылдын ноябрь-декабрь айлары Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери;
2010-жылдын декабрь айынан 2011-жылдын декабрына чейин премьер-министр болгон.
2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына расмий киришкен.
2017-жылы 24-ноябрда президенттик кызматын тапшырган.
Быйыл 31-мартта КСДПнын курултайында Атамбаев партиянын төрагасы болуп шайланган.
17-сентябрга карата жылнаама.