Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Эмил Осмонбетовдун талапкерлиги сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Уланбек Рыскулов 7-сентябрда кызматтан бошотулган. Осмонбетовдун талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштап жатат. Бул маселе эртең, 18-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында каралат.
Осмонбетов Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген. "Кыргызалтын" ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү.