Мэрдин демилгеси. Париж шаары айына бир күн автоунааларды пайдалануудан баш тартмакчы

Франциянын борбору Париж шаарында айына бир жолу "Автоунаасыз күн" иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аталган демилге Париждин мэри Анн Идальго тарабынан 4 жылдан бери уюштурулуп келет.

"Бул демилге шаардын абасын таза кармоо максатында көтөрүлгөн. 7-октябрдан тарта Париждин бир нече кварталдарында автоунаалар үчүн жолдор жабылат. Жашоочулар жеке унааларын Парижден сыртка чыгып кетүү максатында гана пайдаланышса болот. Ошодой эле "Тез жардам", полиция, туристтик жана өрт өчүрүү унааларына тыюу салынган эмес. Шаар мэриясы он жылдан ашуун убакыттан бери жашоочулардын ден соолугу үчүн автоунааларды азайтуунун үстүндө иштеп келүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Автоунааларды азайтуу аракетинен улам Парижде велосипед менен жүргөндөрдүн саны кескин түрдө өскөн. Маалыматка караганда, Париж 2024-жылы дизель менен жүрүүчү автоунаалардан толук баш тартмакчы. Таза аба үчүн жеке автоунаасын пайдалануудан баш тарткан шаардыктарга мэрия 700 евро жөлөк пул берет. Ал акчага жарандар велосипед сатып алат же коомдук унаага жумшайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
iryi1
2018-09-17 13:50:44
Качан Европанын денгелине жетебиз.
+5
monster_high_98
2018-09-17 13:52:35
Бизде коомдук транспортто жургондон уялышат,озунун машинасы менен журуш керек,абаны урганы барбы
+8
Aliyar85
2018-09-18 05:17:32
monster_high_98,))))
0
bond02
2018-09-17 13:59:23
Жакшы идея экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан