Бүгүн, 17-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Ушул жылдын 1-октябрынан тарта чет жерде каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгү мекенине бекер жеткириле баштайт. Өкмөт өлкөдө катталган авиакомпанияларга ушундай милдет жүктөмөкчү.
Расмий маалыматка таянсак, быйыл 8 айда эле сырттан каза болгон 128 адамдын сөөгү алынып келинген. Тышкы миграциянын агымы азайбай, тескерисинче, өсүп жатканын Миграция кызматы тастыктады. Себеби түшүнүктүү – Кыргыз өлкөсү эмгекке жарамдуу калкын иш менен камсыздай албай жатат. Жарандар чет жерде жалданып иштөө менен үй-бүлөсүн багууга аргасыз. 2010-жылы чет жердеги Кыргыз мигранттарынын саны расмий түрдө 600 миӊ деп айтылса, азыркы тапта 800 миӊге жакын. Жакында экс-президент Роза Отунбаева миграция трагедия эмес, бул жолду азыркы өнүккөн өлкөлөрдүн баары басып өтүшкөн деди. Бул талаштуу пикир, анткени мигрант бир эле кезде таап да, жоготуп да жатат. Тапканы - акча маселеси убактылуу чечилип, жашоо-шартын оӊдоого мүмкүндүк түзүлүп жатканы. Жоготкону - бала менен эне-атанын, жакындардын бири-биринен алыста жүргөнү, кыргыздын балдарынын ата-эненин мээримисиз, кароосу, тарбиясы жок өсүп жатканы, кор болгону, эмгек мигранттарынын бөтөн жерде азап тартып, эмгек шартындагы коопсуздук сакталбаганынан ар кандай кырсыктарга туш болуп жатканы. Учурда миӊдеген бала ата-эне мээримине тоюп-тойбогон шартта чоӊоюуда. Алардын тарбиясы, коопсуздугу, билим алуусу өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Ата-эне көзөмөлүнөн тыш калган балдар зордук-зомбулукка, кыйноого көп кабыларын кейиштүү окуялар көрсөтүүдө. ЮНИСЕФтин маалыматына таянсак, учурда Кыргызда 17 жашка чейинки балдардын 11 пайызынын атасы же энеси сыртта эмгек мигранты. Ошондой курмандыктар менен табылган мигранттын акчасы Кыргыз жеринде той-аштан артпай, кафе-ресторан, ырчы, тамада өңдүү катмарды байытуу менен гана чектелип, акча жаратуучу өндүрүш, бизнес жана башкаларга жумшалбай, демек, өспөй жатат.
Кыргыз мигранттарынын 80 пайызга жакыны Орусияда, 15 пайызы Казакстанда, калганы башка алыскы жана жакынкы өлкөлөрдө. Алардын көбү түрдүү тоскоолдуктар, кыйынчылыктар менен алышып күн кечирүүдө. Жакында мекендешибиз Чыӊгыз Анарбек уулу автоунаасы менен жол кырсыгына учурап, 8 адам жаракат алган. Айдоочу бул окуяны күтүүсүз кырсык деп кечирим сураганына карабай орусиялык айрым чиновниктер аны "террорист" көрсөтүүгө аракет кылышты. Расмий маалыматка таянсак, учурда 1834 Кыргыз жараны чет өлкөлөрдө абакта отурат. Көбү баӊгизат кылмышы, уурулук, каракчылык боюнча соттолгондор.
2017-жылы президенттик шайлоонун алдында талапкер Сооронбай Жээнбеков да миграция агымын азайтууну убадалаган. Анын командасы "Жээнбеков жүз миӊдеген жумуш орундарын кантип түзүштү жакшы билет" деген. Президент болгонуна 1 жылга жакындап калды, өлкөдө канча жумуш оруну түзүлдү? Абал өзгөрүүсүз. Президент бул жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган. Эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн аймактардын жашоочулары түзөт. “Айыл оттору” деп аталып анча-мынча оюн-зооктор өткөрүлгөндөй болду. Ошону менен аймактарды өнүктүрүү боюнча деле көрүнөрлүк иштер жасалбай турат. Аймактардан айлык издеп чет өлкөлөргө кеткен мигрантка азырынча мекенине кайтып, үй-бүлөсүнүн кашында жашап, иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлчүдөй эмес...
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 62 жашка чыкты. Бүгүн 7 облустагы "Социал-демократтар партиясынын" өкүлдөрү Атамбаевди Бишкекте партия штабынан күтүүсүз тосуп алып куттукташканын КСДПдан жарыялашты. Президент кезинде дайыма тегеректеп жүргөн жоон топ саясатчылар куттуктагандардын арасында көрүнгөн жок. Кечээ жакында гана Атамбаев тарыхта каларлык иштерди жасады деп, ага "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамын берүүнү сунуштап чыккан депутат Сайдулла Нышанов бүгүн "Атамбаевдин туулган күнүнө бармак түгүл, СМС жазып да куттуктабайм" дейт. Бул депутат өңдүүлөр Ак Үйдүн учурдагы кожоюнун тегеректеп кетишкен өңдүү.
Алмазбек Атамбаевдин саясий аренадан кеткенине жакында 1 жыл болот. Бул убакыт аралыгында экс-президент өзүн коомдук-саясий иштерден оолак кармап, партиянын катчылыгы аркылуу гана үн катып келе жатат. Мындай тайм-аут коомчулукта миң түркүн чечмеленип, ошентсе да экс-президенттен кандайдыр аракетти, кадамды күтүп, күзөтүп тургандар жок эмес...
Дагы бир саясатчынын орду тууралуу бүгүн кеп козголду. Журналист, коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек бүгүн Текебаевсиз саясаттын кызыгы жок, ошондой жетик саясатчылардын азыр саясатта жок экенинен улам бийликке ууру-кескилер келип алды деген пикирин айтып чыкты. "Мен Текебаевдин күйөрманы эмесмин. Бирок ал саясий аренада керек болуп жатат. Чыныгы саясий пикири бар, саясий идеологиялык саясатчылардын жоктугунан улам ууру, "кисабир", бандит, эптеп бийликке келип алып элдин акысынан жашаган, эгер бийликке өтпөй калса кайра жамандаган "балаболдор" мына ушундан пайда болууда. Жетик саясатчылардын саясатта дайым алпурушуп турганы коомдун аң-сезимин тарбиялоо менен өнүгүүнү да шарттайт", - дейт ал.
2010-жылы Бакиевдин бийлигин кулатып, Атамбаев менен чогуу бийликке келген "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин саясаттан четтетилгенине 1 жарым жылдан ашты. Текебаевдин саясаттагы, Жогорку Кеңештеги ордун эч ким толтура албай жатканын коомчулук көрүп турат. Кемчиликтерди, кыңыр иштерди элге жеткирип, бийликти чыйралтып турган андай оппозициячы бийликке дайыма керек. Ал эми кошомат кылып, мактап жүрүп аягында жардан ыргытып жиберчүлөр ар дайым табылат...
2005-жылы эл президент Аскар Акаевди бийликтен кууган. 2010-жылы Курманбек Бакиевди тактыдан кулатты. Эки жолу теӊ кыргыз эли бийликтин өз билемдигинен, үй-бүлөлүк, кландык башкаруусунан тажап, каршылык көрсөтүп, митингге чыгып, бийлик башындагы адамдарды өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз кылды. Акаев менен Бакиев "жаман" деп аталганы менен алардын жан-жөкөрлөрү улам кийинки президенттердин тегерегине топтолуп, кызматтан кызматка өтүп келе жатышат. Алар моралдык же юридикалык жоопкерчилик тартышкан жок. SUPER.KG порталы бүгүн "Вазир жакшы - хан жакшы" деген элибиздин даанышман сөзү актуалдуулугун жоготтубу?" деп собол салды.
"Мурдагы бийлик учурунда иштеп, бирок азыр да кызматта жүргөндөр көп эле. Мен да түшүнбөйм, бул көрүнүшкө терс көз караштамын", - дейт убагында Бакиевдин "Ак жол" партиясынан депутат болуп парламентте отурган, азыркы тапта Жогорку Кеӊеште "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов. Саясатчы Адахан Мадумаров ар бир хан өзүнө окшогон вазирлерди топтойт дейт. Күчтүү ханды күчтүү вазирлер, алсыз ханды өзүнө тете адамдар коштоп жүрөт деген пикирде. Ал улам жаӊы президенттин колтугуна кирип, алардын тилин таап иштеп жаткан адамдарды жеке принциби жок, буйрук гана аткарып өз башы менен маселе чече албаган адамдар деп сындады. Экс-депутат Ишенбай Кадырбеков вазир тандоодо президентте жоопкерчилик чоӊ экенин, өлкө жетекчиси мамлекетти оор абалга кептөөгө тиешеси бар адамдарды командасына кошпошу керектигин белгилейт. 2011-жылы Убактылуу өкмөт тарагандан тарта бүгүнкү күнгө чейин кызматка барбаган экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров бардык президенттер кошоматчылардан арыла албай койгону үчүн 2 революциядан жыйынтык чыккан жок дейт...