Тышкы иштер министри: Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргыз өлкөсүнө келиши иш тартибинде турат

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргыз өлкөсүнө келиши иш тартибинде турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев маалымат жыйынында билдирди.

"Бизге Орусия президенти Кыргыз жерине иш сапары тууралуу сунушту кабыл алганын билдиришти. Биздин президент сыяктуу эле орус лидеринин дагы алдын ала белгиленген графиги бар. Биз иш ошол графикке ылайыкташтырып, сапардын негизги өзөгүн аныкташыбыз керек. Негизинен саясат, соода-сатык, маданият тармагындагы 10 маселе каралат. Азыркы учурда Владимир Путиндин расмий иш сапары жумушчу тартипте турат", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан